-
БОЗБАЛА
-
БОЗБАЛА — эпизоддук кейипкер, Кыястын жылкычыларынын кичүүсү, от жакчусу, Күлчоронун досу. Кордукта жүргөн Күлчорого жан тартып, Сейтектин төрөлгөнүн, анын элге кайрымдуу адам болуп чоңоюп келатканын айтып берет Айчүрөккө жолукмак болуп Карагулдан мөөнөт сураганы үчүн жылкычыларга сабатканда Күлчорону арачалап калат. Күлчоро менен кошо келген Сейтек Карагулду өлтүрүп салганда, элди күтүп алуучу ээси келиптир, — деп сүйүнүп той берет (Курама варианты, «Сейтек», 68—70, 83 — 84).