Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: Юридические услуги өзгөчө
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - БОГДАНОВА
 

БОГДАНОВА

 
БОГДАНОВА Медина Искендеровна (1908— 1962, Москва) — орус совет адабиятчысы. Орто Азия жана Казакстан түрк элдеринин адабияты жана фольклору боюнча белгилүү адис, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз тилин, фольклордук акындар чыгармачылыгын изилдеген, кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерди даярдаган. Ал Ташкендеги Орто Азия институтунун чыгыш-таануу факультетин (1932), СССР аткомунун алдындагы улуттар институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1945). Б-нын илимий иштеринин көпчүлүгү кыргыз филологиясына арналган. Ал 40-жылдары республиканын ар кайсы тарабына уюштурулган диалектологиялык экспедицияларга катышкан. Б. кыргыз фольклорун жыйноого орчундуу салым кошкон. Кыргыз адабияты тарыхынын орус тилинде жазылган алгачкы очеркинин автору, Т. Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгына атайын изилдөө арнаган. Б-нын бул эмгектеринде кыргыз көөнө рухий маданиятынын эстеликтери, ошондой эле «Манас» эпосу көп эскерилет. Б. «Манас» эпосун атайын изилдөөгө алган макалалардын автору. Ал 1952-ж. «Манас» эпосу боюнча болуп өткөн бүткүл союздук илимий конференцияга активдүү катышкан. Ошонун негизинде жазылган «Об особенностях киргизского героического эпоса «Манас»» (М., 1961) деген эмгек жазган. «Манас» эпосунун айрым өзгөчөлүктөрү «Об эпосе народов Советского Востока» (М., 1960) деген изилдөөсүндө да кеңири талкууланган. Б-нын «Манаска» арнаган эмгектеринде эпостун элдүүлүгү, идеялык мазмуну жана анын образдары жөнүндө сөз болот.
С. Кайыпов


Найти все переводы слова "БОГДАНОВА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БОГДАНОВА"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru