Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БИЙ
 

БИЙ

 
БИЙ — титул. Түрк элдеринин уруу аксакалдарынын мансап наамы. Кыргызда 17 — 19-кылымдарда Б. уруунун, уруктун башчысы болуу менен бирге саясий, административдик, чарбалык жана соттук милдеттерди да аткарып, мурас катары атадан балага өткөн. «Манаста» да Б. башкаруучу, бийлиги бар адамдар катары көп кездешет. Мисалы, «Манжудан келген журт үчүн, атасы өлгөн баланы, бий көтөрүп алганы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 150).

БИЙ

 
БИЙ — дене кыймылынын жардамы менен ыраатка салынган ыргактуу кыймыл. Б. түпкүлүгүндө байыркы магиялык оюндардан, эмгек процессине байланыштуу кыймыл-аракеттерден жана башкалар келип чыккан. Б. музыка менен коштоло турган көркөм өнөрдүн бир салаасы болуп эсептелет. Табият кубулуштарын, аңчылык жана согуш өнөрүн, үрп-адатты белгилүү тартипке түшүргөн Б. өнөрү байыркы заманда эле пайда болгон. Кыргыз эли да Б. өнөрүн байыртадан эле билгени эпостон көрүнөт. Эпосто кыргыздардын Б-и тууралуу толук маалымат болбосо да тойлордо, көңүл ачууларда бий өнөрү кеңири колдонулганы айтылат. Алсак, «Алмамбет Тыргооттун каны Канышайды өлтүргөнү» деген окуяда Алмамбет суу ташыган Эшек кулак балбанды өлтүрүп, анын кийимин кийип, Канышайдын ордосуна кирет. Чаган айы болуп, ордодо эл чогулган тойдун үстүнөн чыгат. Ошондо Алмамбеттин бийлегени төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чекири жок кой көздүү, Сепкили жок ак жүздүү, Азизкандын Алмамбет Укуруктай моюндан Ак тамагын кылайтып, Бийлеп турду муңайып (Саякбай Каралаев, 2. 134). Ал бийлемиш болуп камдай келген ууну билгизбей көнөк менен көөкөргө салып, айтылуу балбан, эрлерге арак сунуп, кытайлардын көбүн кырат. Ал эми «Көзкамандардын окуясында» Көзкамандар Манасты уу берип, өлтүрдүк деген ойдо кубанып бийлешкени айтылат: «Манасты сойгон ойну деп, Калмактары былкылдап, Катуу бийлеп алыптыр» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 206). Эпосто Б. жөнүндө ушундай эле маанидеги башка маалыматтар да бар.
Ы. Кадыров

бий

 
бий (мансап) (эск.), бийи

бий

 
бий (иск.), бийи
бий күүлөр

Бий

 
Бий – Кыргыздардын коомунда 20-к. биринчи чейрегине чейин колдонулган башкаруу титулу, уруу башчысы. Административдик өзүн-өзү башкарууну ишке ашырган. Уруунун бийи жалпы шайлоонун жыйынтыгы менен бекитилген. Россияга каратылгандан соң, кыргыз бийлери салык жыйноо, административдик айрым милдеткерликтерди да аткара башташкан. Бий – кыргыздардын мамлекеттик башкаруу иерархиясындагы титул-термини катары 7-к. белгилүү. Кытайдын Тан династиясынын (7-10-кк) жыл баяндары 7-к. орто чендериндеги энесайлык кыргыздардын үч министри Гйеси бей (бий) жана Ами бей (бий) жөнүндө маалымат берет. Профессор Ө.Караев изилдөөлөрүндө бул терминди (бей) – «бий» термининин фонетикалык өзгөргөн «бий» формасы катары чечмелеген (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 102-б.).

бий

 
зат. эс. 1. Революцияга чейинки казактардын жана кыргыздардын соту. Өрдөк жокто чулдук бий (макал). Мен болгон ишти бийге айттым (Баялинов).
2. өт. Уюшма тамакты, жорону, шеринени башкарып туруучу адам.
БИЙ II зат. Музыканын тактысына ылайыктуу жүргүзүлүүчү ритмикалык жана пластикалык кыймыл. Бир жигит келди да, [Тынымды] бийге чакырды (Байтемиров). Ак жүздүу пахтачы келиндин бийинин шайыр темпи (Аалы).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобий
Множ. числобийлер
Связанные слова
бийле
бийкеч
бийчи
Склонение по падежам - "бий"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?бий
Родительный Чей?бийдин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бийге
Винительный Кого?, Что?бийди
Местный Где?, У кого?бийде
Исходный Где?, У кого?бийден
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?бийлер
Родительный Чьи?бийлердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?бийлерге
Винительный Кого?, Что?бийлерди
Местный Где?, У кого?бийлерде
Исходный Откуда?, От кого?бийлерден

Найти все переводы слова "БИЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БИЙ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru