Меню
Эл-Сөздүк

БИБЛИОГРАФИЧЕСКИЙ УКАЗАТЕЛЬ ЛИ

«БИБЛИОГРАФИЧЕСКИЙ УКАЗАТЕЛЬ ЛИТЕРАТУРЫ О "МАНАСЕ" («"Манас" тууралуу адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү») — «Манас» эпосу жөнүндөгү адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү. П. Н. Берков менен Э. К. Сагидова түзгөн. 1961-ж. СССР Илимдер акдемиясынын басмасынан (Москва) чыккан «Киргизский героический эпос «Манас» аттуу китепте (298—377-б.). Көрсөткүчтө 1849-жылдан (кыргыз эпосу «Манас» жөнүндөгү майор Франелдин маалыматынан баштап) 1960-жылга чейинки «Манас» эпосуна байланыштуу (негизинен жарыяланган материалдар) 12 тилдеги (кыргыз, орус, немис, түрк, англис, литва, алтай, француз, казак, украин, өзбек, венгер) 695 адабият топтолгон. Эпостун музыкалык жагы, обону туурасында маалыматтарды камтыган адабияттар менен «Манастагы» антропоним, топоним, этнонимдерге байланыштуу материалдарга да көрсөткүчтөн орун ыйгарылган. Хронологиялык тартипте берилип, ар бир жылдагы материалдар бөлүм-бөлүм боюнча жайгаштырылган; 1) эпостун кыргыз тилинде жарык көргөн тексттери (өзүнчө китеп болуп чыккан) журналга же жыйнактарга жарыяланган; газетага басылган: 2) «Манастын» текстинин кыргызча кара сөз менен берилген баяндамалары; 3) тексттин орус тилиндеги котормолору (китеп; журналдагы, жыйнактагы; газетадагы); 4) башка тилдердеги котормолор (китеп, журналдагы, же жыйнактагы; газетадагы). Көрсөткүч чакан кириш макала, пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн предметтик жана ысымдык көрсөткүчтөр менен жабдылган. Түзүүчүлөр «Манас» изилдөөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү деп эсептеген айрым машинкага басылган кол жазмалар (мисалы, М. О. Ауэзовдун) да көрсөткүчкө киргизилген. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталуу турган «Манас», «Семетей», «Сейтектин» көптөгөн айтуучулардан жазылып алынган кол жазма тексттери көрсөткүчкө киргизилбеген, аларды баяндап жазып чыгуу ишин академия кызматкерлеринин милдети деп эсептейт, көрсөткүчтүн түзүүчүлөрү.
С. Төлөгөнова


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: