Меню
Эл-Сөздүк

БЕРНШТАМ

БЕРНШТАМ Александр Натанович (1910— 1956)— советтик көрүнүктүү тарыхчы, археолог жана этнограф. «Манас» эпосун тарыхый жактан изилдөөчү. Тарых илимдеринин доктору (1942), Ленинград мамлекеттик университетинин профессору (1946—52). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1945).


1940-жылдан КПССтин мүчөсү. 1931-ж. Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетиндеги этнография бөлүмүн бүтүргөн. Мамлекеттик Ленинград материалдык маданият тарыхы академиясынын (кийинчерэзк СССР ИА материалдык маданият тарыхы институту) кенже илимий кызматкери жана аспиранты 1931—34). Андан кийин өмүрүнүн аягына чейин ошол эле институтта улук илимий кызматкер. Б. 250дөн ашык эмгектин автору. Ал «Манас» эпосуна байланыштуу 20дан ашык илимий жана илимий-популярдуу эмгектерди, макалаларды жазган. Алардын көпчүлүгү 1940— 50-ж. «Советтик Кыргызстан», «Советская Киргизия», «Вечерний Ленинград» жана башкалар газетажурналдарга жарыяланган. Атайын «Манас» эпосуна арналган илимий макалаларынын арасынан көрүнүктүүлөрү (««Манас эпосунун жаралыш доору», "«Манас» деген аттын чыгышына карата») Б. дүйнөдөн кайткандан кийин жарык көргөн. Б. илимий эмгектеринде эпостогу маалыматтарды кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы жана археологиясы менен тыгыз байланыштырып караган. Б-дын манас таанууга кошкон негизги салымы эпосто баяндалган окуялардын көпчүлүгүн, андагы жер-суу, адам аттарын жана башкалар маалыматтарды тарыхый окуялар менен байланыштырып изилдегенинде. Б. «Байыркы Кыргызстандын маданияты» (1942), «Кыргыз элинин тарыхый турмушу» (1942), «Кыргыз элинин улуу мурасы» (1945) жана башкалар эмгектеринде 9-кылымга таандык кыргыздардын таштагы жазуусундагы Яглакаркан деген сөздү кыргыздын ханынын аты, ошол «Манас» эпосундагы Манастын прототиби деп караган. Б-дын бул көз карашы С, Е. Малов, В. М. Жирмунский жана башкалар айрым окумуштуулар тарабынан сынга алынган. Ошого карабастан «Манас» эпосун тарыхый-этнографиялык жактан тереңирээк изилдеп көргөндө Б-дын кээ бир гипотезалары жана ойлору акылга сыярлык. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.
И. Молдобаев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: