Меню
Эл-Сөздүк

БЕРДИБАЕВ

БЕРДИБАЕВ Рахманкул (1927, Түш. Казакстан облусунун, Түркстан району, Ихон айылы) — адабият таануучу, фольклорчу, филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Улуттук Илимдер акдемиясынын корреспондент-мүчөсү, Казакстандын илимине Эмгек сиңирген ишмер, Казакстан Улуттук Илимдер акдемиясынын М. Ошондой Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун фольклор бөлүмүнүн башчысы. Б. чыгармачылык жолунда казак жана боордош элдердин адабияттарынын ар салаасын камтыган миңден ашык макала, жыйырмадан ашык китеп жазган. Фольклорчу катарында казак эпосу, ырчылык өнөр жөнүндө бир нече эмгектери бар. Айрыкча, «Казак эпосу» деген монографиясында көөнө баатырдык, ашыктык жана нагыз тарыхый эпостордун жанрдык орток окшоштуктары менен өзгөчөлүктөрү, алардын стадиалдык өнүгүшү изилденип, казак эпостору менен түрк-моңгол калктарынын (кыргыз, башкырт, бурят жана башкалар) эпикалык чыгармалары тарыхый-типологиялык планда салыштырылган. Монографияда «Манас» менен казактардын баатырдык «Кабыланды баатыр», «Алпамыш» эпосторун тарыхый-типологиялык планда салыштырууга кыйла көңүл бөлүнгөн. «М. Ауэзов — «Манас» изилдөөчү» (1987), «Ч. Валиханов жана кыргыз фольклору» (1989) аттуу эмгектердин автору. В. 1988-ж. Фрунзеде өткөн «Манас» эпосу боюнча бүткүл союздук симпозиумга активдүү катышып, «Манас» жана казактын эпикалык традициясы» деген темада доклад жасаган. Б. докладында кыргыз жана казак элдеринин эпикалык салттарынын окшош, жакын белгилеринин бир катар себептерин жана шарттарын ачып көрсөтөт.
Р. Сарыпбеков


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: