Меню
Эл-Сөздүк

БЕКТЕНОВ

БЕКТЕНОВ Зияш (1911, Түп району, Кең-Суу айылы) — кыргыз филология илимин негиздегендердин бири, ардактуу профессор (1991), котормочу, жазуучу. «Манас» эпосун алгачкы изилдөөчүлөрдөн.


1946 —47-ж. СССР Илимдер акдемиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил жана адабият институтунда «Манас» секторун башкарган. 1940-ж. «Манастын» 1-бөлүгүнүн сюжетин кара сөзгө айлантып жазып чыккан. Бул бөлүк согуш жылдарында орус тилине которулган жана орус илимпоздорунун эпос менен таанышуусуна өбөлгө түзгөн. Б-дун «Манас» эпосу жөнүндө лекциялары кыргыз үналгысынын алтын фондусуна жазылып алынган. Манасчылар, анын ичинде Саякбай Карала уулу жөнүндө эскерүүлөрдү жазган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: