Меню
Эл-Сөздүк

БАРСА-КЕЛБЕС

БАРСА-КЕЛБЕС, Барса келбес — топоним. Түрк тилдүү элдердин фольклорунда көп кездешет, барган кишини өлүмгө дуушар кылуучу шумдуктуу жандыктардын, сыйкырдуу күчтөрдүн мекени катары айтылат. «Манас» эпосундагы Б. -К. эки мааниге ээ: биринчи — жалпы түрк мифологиясына таандык мифотопоним маанисинде, экинчи — өтмө, каймана түрдө, мисалы, адам өлгөндө баруучу тиги дүйнө маанисинде («Барса келбес чын жайдан»), Айрым түрк элдеринин фольклорунда алдына барган адам өлмөйүнчө келбеген залим падыша катары да айтылат. Мисалы, татар дастандарындагы Барса Килмас падыша (Татар халык ижаты: Дастанлар. — Казан, 1984, 73-б.).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: