Меню
Эл-Сөздүк

БАНТЕРЕК

БАНТЕРЕК, Чынар терек — эпос боюнча бутагынан адамга укмуштуу ал-кубат берүүчү сүт чыккан касиеттүү дарак. Дүйнөлүк оозеки чыгармачылыкта жана диний түшүнүктөрдө аалам дарагы (өмүр дарагы, космос дарагы) жөнүндөгү миф кеңири белгилүү. Ал дарактын тамыры жер астындагы дүйнөдө (өлүктөр өлкөсүндө), ортоңку сөңгөгү жер үстүндө (кадимки адамдар өлкөсүндө), башы асманда (кудайлар өлкөсүндө) жайгашып, бүткүл ааламды өзүнө туташтырып турат деген ишенимге ээ. Б-тин эгеси көпчүлүк учурда аял (эне) түрүндө элестетилип, ал өзү каалаган учурда өлүп бараткан, чарчап-чаалыккан адамга өлбөс же укмуштуу ал-кубатка ээ кылуучу, жашартуучу ичимдик, тамак (сүт, мүрөктүн суусу, алма жана башкалар) тартуу кылат. «Манастагы» Б. ушул аалам дарагы жөнүндөгү мифтин кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында унутулуп бараткан бир үлгүсү. Абыке, Көбөштүн талоонуна түшүп, аябай кордук көргөн Каныкей жалгыз баласы Семетейди душмандан сактап калыш үчүн Букарга алып качып бараткан узак, татаал жолдо аш-тамаксыз калып, катуу кыйналат да, астынан кезиккен Б-ке мындайча кайрылат:
Олуя болсоң кол жайып,
Бата болчу Байтерек.
Олуямдан айрылып,
Караан таппай турабыз,
Биз өңдөнган бакырга
Ата болчу Байтерек.
Кайран жандан түңүлдүк,
Бир корголоп кетүүгө,
Ата-а айланайын Байтерек.
Алдыңызга жүгүндүк,
Чаалыктым уйку кандырчы,
Айланайын Байтерек.
Чарчадым жанды тындырчы,
Уктайын кана Байтерек.
Жетимиңе күч берчи.
Кагылайын Байтерек,
Акысыз калдым сүт берчи.
Өчкөн отум тамызчы,
Өлгөн жанды тиргизчи.
Үзүлүп кеттим улачы (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 544-инв., 139-б.).

Б. Каныкейдин өтүнүчүн кабыл кылып кутпа жаккы бутагынан булактай кылып сүт агызат, аны ичип, күч-кубат алышып кадимкидей демденишет. «Манас» эпосундагы Б-ке генетикалык-типологиялык жакындыгы бар дарак Борбордук Азияда жана Сибирде жашаган түрк элдеринин фольклорунда кеңири жолугат. Алар аткарган милдети боюнча гана эмес көпчүлүк учурда (кээде Байкайың, Байтал) делип аталышы боюнча да окшош. Атайы изилдөө жүргүзүшкөн окумуштуулардын пикирине караганда «бай» — «ыйык», «жаратуучу» (кудай) деген мааниге ээ. Демек, «Байтерек» — «ыйык терек», «жаратман терек» дегенди билдирет. Соңку мезгилдерге чейин байыркы дини — шаманизмди тутуп келген Борбордук Азияда жана Сибирде жашаган түрк элдеринин чыгармаларында Б. биздин эпостогуга салыштырганда байыркы белгилерин толук сактай алган. Алтайлыктардын эпикалык чыгармаларында башкы оң каармандын өргөөсүнүн алдында башкы кудай Үч-Курбустан жараткан бутагынан жерге алтын, күмүш жалбырак жааган Б-тин өсүп турганы туруктуу эскерилет. Ал дарак үч катмар-жер асты (өлүктөр өлкөсү), жер үстү (кадимки адамдар өлкөсү), асмандан турган (кудайлар өлкөсү) ааламды бири-бири менен туташтырган борбору да болуп саналат. Анын чокусунда бүркүт же күкүк конуп олтурса, түбүндө бөрү жатат. Күкүктүн сайраганынан өлгөн адам тирилет, өчкөн от тамат, куураган дарак бүрдөйт, өрттөнгөн талаа көк майсага айланат. Кыскасы бул дарак каармандын мекени Алтайдын теңдешсиз кеңдигин, береке байлыкка молдугун дайын кылуу менен бирге жалпы эле Ата Мекен деген түшүнүктүн символу катары да кызмат кылат. Якуттардын баатырдык эпостору — олонхолордо ушундай эле дарак бардык жан-жаныбарларды жана адамдарды ичирип-жедирип такай багып, аларга кереметтүү ал-күч берет. Ал адамдарды ар кандай кырсыктан сактоочу гана эмес, алардын түпкү энеси да болуп, саналат. Уруунун сакталышы жана уланышы ушул касиеттүү даракка байланыштуу, аны жок кылуу урууну жок кылуу менен бирдей саналган. «Манас» эпосунда Б-тин образы жогоруда аталган элдердин эпикалык чыгармаларындагыдай бир бүтүндүктү түзгөн байыркы формасында сакталбастан, анын айрым атрибуттары — реликти түрүндө ар кайсы эпизоддорунун арасына чачырап кеткен. Алмамбет «Чоң казатта» чалгынга чыгып, жолдо туулуп-өскөн жерине кез келип, бала кезде «өз колу менен тиккен чынар багын» «аттуу туруп кучактап, агып жашы бурчактап» (Сагымбай Орозбаков, 4. 272) өткөн күнүн эскерип арман кылганы туруктуу айтылат. Чынарды көргөндө Алмамбеттин туулган жер жөнүндө арманы козголушу, бир кезде бул чынардын да алтай эпосторундагыдай ата мекендин символу болуп кызмат кылганын кабарлайт. Ушул эле дарактын адамдын жаны, анын уруусу менен тыгыз байланыштуулугу жөнүндөгү эң байыркы түшүнүк айрым варианттарда сакталган.
Ортодо турган чоң чынар,
Азиз энем Алтынай
Мени тууган жер ошол.
Мен туулган чынарым,
Бүткүл чирип тамыры
Такыр куурап калыптыр.
Төбөсүндө чачырап
Бүчүрдүн учу калыптыр, Сыргак,
Таласка эсен тартпаймын,
Бээжинден бекер кайтпаймын!
Шордуу энем айткан кеп эле
Менден тукум бар болсо,
Чынарымдын түбүнөн
Чырпык чыгат деди эле, Сыргак,
Түбүнөн чыккан чырпыгы
Чынарга чалыш болуптур,
Бузулуп кетер санаа бар,
Артымда калаар бала бар! (Саякбай Каралаев, 2. 136).

Деги эле адам баласынын бардык тагдырынын касиеттүү чынарга байланыштуулугу эпостун башка эпизоддорунда да эскерилет. Мисалы, Абыке, Көбөштөн качып баратып, Каныкей кыз кезинде сейилдеп олтуруучу чынары соолуп калганын көрүп катуу кайгырганда, кайын энеси Чыйырды: «Чынарың соолуп калганы, Тайган иттей желгениң, ...Букарга тентип келгениң,» — деп чечмелейт. Алар булактын көзүн ачып, чынарды сугарганда ал кадимкисиндей кайра гүлдөйт. Мындан өткөндөгүдөй бактылуу күн кайрылып келерин, Семетей душмандан өч алып, атасы Манастын ордун басарын билишет. Байыркы мифтик түшүнүктөрдө эпикалык каармандардын, кудайлардын аалам дарагынын кейпинде жүрүшү салттык мотив. Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында каарман менен даракты катар коюп сүрөттөө байыртан келаткан салт. Көптөгөн кошоктордо терек бүтүндөй элдин, уруунун эң белсемдүү адамынын символу катары көрүнөт. Мисалы, «Кет-Бука» деген белгилүү легендада «Терек түптөн жулунду, Ким тургузар, каным?» — делип, кан баласы Жуучуну терекке символдоштурат. Манас өлгөндө Каныкей: «Алтын мөмө дарактуу, Чынар эле падышам, Чынарым чындап сынарбы?»— деп кошот. Бүгүнкү угуучуга мындагы «терек» («чынар») салыштыруу түрүндө көркөм каражат катары кабыл алынат. Бирок эпикалык чыгармалардагы бул түрдөгү салыштыруулар, эпитеттер байыркы кезде көркөм каражат эмес, ошол нерсенин дал өзү болгону фольклористикада белгилүү. Манастын өзү бир кезде аалам дарагы түрүндө элестетилгени азыркыга чейин сакталып калган айрым реликтилери да ырастайт. Аалам дарагынын классикалык үлгүлөрүндө анын башын (асманды) алп кара куш (бүркүт) ээлесе, ажыдаар анын түбүн, жер астындагы дүйнөнү ээлеп турат. Манасты алп кара куш менен ажыдаар ушул аалам дарагындай бири башына айланып, бири аягында сойлоп дайым колдоого алганын көрөбүз. Мунун өзү Манастын күч кайраты байыркы түрк элдеринин мифтик түшүнүгүндөгү ааламдын үч катмарына (жер алды, жер үстү, асман) жеткенин символдоштурат. Ушундан улам Манаска карата айтылуучу: «Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй... Алды катуу кара жер жердигинен түткөндөй» — деген саптар бир учурда Манастын образына азыркыдай поэтикалык көркөм салыштыруу каражаты эмес, түз маанисинде, Манастын бийлиги аалам дарагындай үч катмарга (жер асты, жер үстү, асман) жеткенин көрсөткөн мааниде колдонулган деп болжолдоого болот.
Р. Сарыпбеков


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: