Menu
Эл-Сөздүк

БАНАЛ УЙКАШ

БАНАЛ УЙКАШ — өтө көп колдонулуп, биротоло кулакка сиңип калган сөздөрдөн түзүлгөн уйкаштык. Айрыкча элдик оозеки чыгармачылыкка мүнөздүү болгон Б. у. «Манаста» арбын. Эпосто өтө көп колдонулганына карабастан айтуучулардын акындык чеберчилигине шек келтирбейт. Анткени манасчылардын айтымында Б. у. көбүнчө толук уйкаш, редифтүү татаал уйкаштар менен ширелише келип, тексттин маанисине кандайдыр бир ддражада кошумча түс берип турат: «Кез келгенин соёрмун, Канын ичип тоёрмун, Карадан көзүн оёрмун!» (Сагымбай Орозбаков, 3. 98); «Адырдан чыкты бакырып, Манастап ураан чакырып» (Саякбай Каралаев, 1. 159).

банал уйкаш

банал уйкаш (ад.)

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: