Меню
Эл-Сөздүк

БАЛЧАКАЙ

БАЛЧАКАЙ — топоним. Эпосто: Балчакайдын белинде, Аялым арбын дегенсип, Мыктылык кылган жериңде Айтышып сөздөн бир жеңдим (Сагымбай Орозбаков, 3. 218),— деп Кошой Жолойго Көкөтөйдүн ашында күрөшкө түшүп, бирин-бири опузалап айтышып турганда эскерет. Географиялык реалияда Иле менен Текес дарыяларынын аралыгындагы Кетмен тоо түркүмүндөгү ашуу. Эпосто Былчакай, Былчакей түрүндө да кезигет (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 71. 75).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: