Меню
Эл-Сөздүк

БАЛТАМАТ

БАЛТАМАТ — кейипкер, бараң элинин баатыры. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас батыш тарапка жортуул жасап, бараңдын каны Б-ты каратат, башка эпизоддордо да аты эскерилет. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашында» алыскы элдин кандарынын катарында саналып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 9). Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Семетей менен араздашкан Чынкожо Б-тын канаттуу кара атын, мылтыгын уурдап келип Айчүрөккө күйөөлөп барган Семетейге каршы асмандан уруш ачат. Айрым изилдөөчүлөр Б-тын образын Бонопарт Напалеон менен тогоштурушат. Мүмкүн, манасчылар сабаттуу адамдардан Бонапарт бараңдын (франктын) атактуу кол башчысы болгонун угушуп, эпоско кийинки эле мезгилдерде киргизишкен.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: