Menu
Эл-Сөздүк

БАЛКЫБЕКОВА

БАЛКЫБЕКОВА Сайрагүл (1923, Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы) — Кыргыз ССРинин эл артисти (1964). Кыргыз театр өнөрүнүн калыптануу, өсүп-өнүгүү жолунда улуу муундагы сахна чеберлери менен бирге иштеп, жүздөн ашык образдарды жараткан. Ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетейде» (1982) Бакдөөлөттүн, «Сейтекте» (1988) Каныкейдин, «Айкөл Манаста» (1989) Чыйырдынын образдарын түзөт.
С. Балкыбекова — Бакдөөлөт («Манас тын уулу Семетей» драмасы, 1982)</b>.
С. Балкыбекова — Бакдөөлөт («Манас тын уулу Семетей» драмасы, 1982).
Драмалык мүнөздөгү образдарды жеткире иштеп чыга алган Б-нын аткарган ролдорунун ичинен баласынын баласын көргөн, алардын иштеринде активдүү роль ойногон Каныкей чыныгы идеал аялдын үлгүсү катары көрүнөт. Айрыкча Каныкей менен Сейтектин бири-бирине кездешкен жериндеги эпизоддо Б-нын ишенимдүү кыймыл-аракети анын жан дүйнөсү менен айкалышып турат. «Ардак Белгиси» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: