Меню
Эл-Сөздүк

БАЛДАК

Мүйүз буюму, мүнүшкөрлөрдүн ууга алып чыкканда кушту атайын кондуруп жүрүүчү тууру. Мүйүздөн жасалган таяныч ача таякчасы. Демек, балдактын аяккы учу көзөлүп, ал көк менен ээрдин кашына, же аңчынын белиндеги жазы курга тикесинен бекитилет. Балдакты жасоодо чеберлер ар кандай мүйүздүн жумуру жерлерин тандашкан.

балдак

балдак (сөйкөнүн түрү)
(диал.)

балдак

балдак, балдагы, балдакка

балдак

I зат. 1. Буту оорулуу же буту чолок адам колтугуна такап басып жүрүүчү таяк. Жапар балдагына таянып, он сегизинчи палатага барып кирди (Баялинов).
  1. 2.                  Кылычтын же канжардын сабы.
  2. 3.                  Бүркүт кондурган аңчылар колунун алдынан тиреп, сүйөп алуучу таянчык. Кызыгы кыйын бүркүттүн, Камчы кылып балдагын (Токтогул).

БАЛДАК II: ит балдак — сууда сүзүүнүн, чабак уруунун бир түрү. Учкаша минген бууданы Ит балдак уруп келатат («Мендирман»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: