Меню
Эл-Сөздүк

БАЛБАН ТАШ

БАЛБАН ТАШ — эпостук түшүнүк боюнча адамдын табигый кара күчүн, баатырдыгын сыноонун жана жеңип чыгуунун жышааны катары мааниге ээ болгон таш. Сагымбай Орозбаковдун вариантында калмак балбандарынын атайы Б. т. уюштурушканы сүрөттөлөт: «Бар бөкөлөр чогулуп, Алачык үйдөй бир ташты Балбан таш кылып таштаган» (Сагымбай Орозбаков, 3. 224). Эпосто Б. т-тын касиети жана керемети өзгөчө экени Семетей Канчоро менен Кыястан жеңилерде да даана байкалат. Демейде ууга же жоого жөнөгөндө төлгө кылып көтөргөн ташын Семетей менен Күлчоро дал ошол күнү ордунан жылдыра албай калышат.
Манастын балбан ташы (Кетмен-Төбө, Токтогул району).
Манастын балбан ташы (Кетмен-Төбө, Токтогул району).
Ал эми Канчоро көтөрүп алыска ыргытат. Жоодо же ууда кандайдыр кармашуунун ийгиликтүү болор-болбосунан жаратылыштын мындай «кабар берүүсү» элдик ишенимдин өтө байыркы формаларынан. Бирок, ар түрдүү күч сынашууларда (согуш, күрөш, уу, мелдеш) азыркыдай өркүндөгөн курал күчтөрү менен эмес, киши өзүнүн табигый кара күчү менен гана жеңишти камсыз кылып келген кадим доорлордун Б. т. сыяктуу айрым жышаан-белгилери ушу күнгө чейин эл арасында мааниге ээ. Кыргыз жеринин дээрлик бардык капчыгайларында өзүнүн Б.-т-ы бар. Алардын ар бири тиешелүү уламыш сөздөр менен айтылат. Кетмен-Төбө аймагындагы Балбан-Таш дөңсөөсүнүн «Манастын балбан ташы» деп аталышы да буга мисал. Суусамырдагы Кожомкулдун ташы да дал ошол эпостук Б. т-тын касиетин толуктап турат.
И. Абдувалиев

БАЛБАН ТАШ

БАЛБАН ТАШ — Токтогул районунун борборунун түндүк-батыш тарабындагы дөңсөө. Ошол дөңсөөдө салмагы үч тоннадан ашыгыраак, бетине беш салаанын изи түшкөн сыяктуу таш бар. Жергиликтүү эл аны «Манастын балбан ташы» деп атайт. Манас миң кулунду тээктеген желенин бир учу байланган темир мамыны какканда ушул ташты пайдаланып, ага салаалары батып кеткен. Элдик уламыштарда ал таш ошол мезгилден бери төштүн боорунда жаткандыгы айтылат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: