Меню
Эл-Сөздүк

БАКБУРЧУН

БАКБУРЧУН (иранча «багфурчин»; сөзмө-сөз которгондо баг — кудай; фур — уулу, баласы; чин — кытай) — кытай кудайынын баласы, башкача айтканда Кытай императору, Кытай падышасы деген мааниге синоним катары айтылат: «Кармашаарым Каканчын, Басташаарым Бакбурчун», «Башчы болгон Бакбурчун» (Сагымбай Орозбаков, 1. 220). Мында Кытай императору маанисинде айтылган. Кээде жалпы эле Кытай өлкөсү жана Кытай эли деген мааниде да айтылган учурлар бар. Мисалы, «Башалуу журт Бакбурчун» (Кол жазмалар фондусу, 585инв., 16-б.). Ушул сыяктуу башка тилдерден кирген татаал терминдер эпосто ар түрдүү мааниде айтыла берет. Бул элдик чыгармалардын оозеки айтылып келүү учурларында боло бере турган табигый көрүнүш.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: