Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

БАЙЫҢ

БАЙЫҢ — мифологиялык кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кайберендердин каны. Алмамбеттин аялы Аруукенин атасы. Ал кызы жиберген үч көгүчкөндөн кабар алып, кайыптар дүйнөсүнөн өз кошуну менен кийик, бугу минип кызынын күйөөгө чыккан тоюна келет. Той бүткөндө дароо көздөн кайым болот. Б-дын образы башка түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында, мифтеринде да жолугат. Якуттардын мифтик түшүнүгү боюнча ал тайганын бирден бир ээси, бардык жаныбарлардын, канаттуулардын кожоюну, ага арналган ырымдарды, табуну сактаган аңчынын колдоочусу. Типологиялык салыштыруулар көрсөткөндөй Б. «Кожожашта» чагылдырылган байыркы аңчылык мезгилиндеги Сурэчкинин тибиндеги кайберендердин жана аңчылыктын кудай энесинин кийинки доорлордо өзгөргөн образы болуп саналат.

БАЙЫҢ

БАЙЫҢ — этноним. Калмактардын бир уруусу. Ала-Тоону кара кытай, калмактардан бошотуу жортуулдарында Б. уруусундагы калмак баатыры Тулус жекеге чыгып Манастан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 137, 138).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: