Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОК
 

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОК

 
«БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ» —Ч. Айтматовдун Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы «Манас» эпосунун жарыкка чыгышына баш сөз иретинде жазган (алгач ирет «Кыргызстан Маданиятына» жарыяланган —1979, 11янв.) макаласы. Макалада «Манас» эпосуна ар тараптуу терең баа берилген. Анда автор кыргыз элинин эпостук чыгармаларынын баа жеткис руханий байлык болуп, алардын туу чокусу улуу «Манас» экендигин, ал дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатарын белгилейт. Макалада «Манас» эпосу элдин көркөм аң-сезими аркылуу муундан муунга өтүп, жетилип отуруп биздин күнгө туш келгендигин, Улуу Октябр революциясынын жеңиши анын кайра жаралуусуна мүмкүнчүлүк бергенин айтат. Эпостун эң негизги идеясы катары эркиндик идеясы, көз каранды эместик идеясы экендигин көрсөтөт жана эпос гуманизм идеясына сугарылгандыгын белгилейт. Эпостун финалындагы Манастын өлүмүн, кырк чоронун кырылышын «айтып бүткүс трагедия...
А. Асанов. Манас дайым чакырат.
А. Асанов. Манас дайым чакырат.
Шекспирдин талантына шайкеш трагедия» катары баалайт. Эпостогу ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин белгилеп, элдин көркөмдүк фантазиясына өтө жогору баа берет. Макалада эпостун мазмундук жана көркөмдүк гармониясы айрыкча манасчы айтып жаткан учурда даана сезилери айтылат. Музыканы, сөздү, театрды бириктирген гармония аркылуу эпостогу борбордук кейипкерлер гана эмес, эпизоддук деген каармандардын образынын таасын ачылышы да элдин көркөм ойлоо аң-сезиминин өтө бышып жетилгендиги, өнүккөндүгү экендигин көрсөтөт. Автор «Манас» эпосу дүйнөлүк эпикалык практикада өтө уникалдуу көрүнүшкө жатарын айтат. Көркөм ойлоо аң-сезиминин бай жана күчтүү традициясынын негизинде Сагымбай жана Саякбай өңдүү улуу манасчылардын өсүп чыккандыгын белгилеп, Сагымбайдын акындык чеберчилигине өтө жогору баа берет. Автор Сагымбай Орозбак уулун «Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакытта кайталанбас руханий көрүнүштүр», — деп баалайт. Макала автордун «Замандан заман өтүп, кыргыз тили жашап тургуча «Манас» биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек» — деген сөздөрү менен аяктайт.
А. Абилов


Найти все переводы слова "БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru