Меню
Эл-Сөздүк

БАЙШЕРИ

БАЙШЕРИ Албан уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз, Өзгөн району, Төрт-Көл айылы) — семетейчи. Б-ден «Семетей» бөлүмүнөн 3 дептер эпизод жазып алынган. Эпостун эпизоддору кара сөз менен ыр аралаш жазылган. Окуя негизинен Манас жарадар болуп келип, ага Каныкей тирүүсүндө күмбөз тургузуп, Семетей төрөлгөндөн кийин көз жумушу менен башталат да, Семетей Акшумкарын качырып, Айчүрөктү издеп Үргөнчкө келип, Боз-Дөбөдөн Айчүрөктүн шаарына дүрбү салып карап турганы менен бүтөт. Негизги варианттардагы Семетей, Айчүрөк, Чачыкейге байланыштуу айтылган мотивдик кырдаалдар сакталган. Семетейчи бул чоң эпизоддун схемасын гана кара сөз менен айрым жерлеринде ыр кошуп айтып берген (Кол жазмалар фондусу, 271-инв.).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: