Меню
Эл-Сөздүк

БАЙТУР

БАЙТУР Анвар (1938, Чыгыш Түркстан — Шинжаңда, Көөнө шаар (Вынсу) ооданындагы Боз-Дөң айылы — 1991, Түркия, сөөгү Шинжаңга коюлган) — кытайлык кыргыз тарыхчысы. Үрүмчү шаарындагы Шинжаң институтунун тарых-география факультетин (1956) бүтүргөн. 1959—62-ж. Шинжаң аз сандуу улуттар коомун жана тарыхын изилдөө тобунда иштеген. Б. Кытай Коомдук Илимдер акдемиясынын улуттарды изилдөө институтунун доңенти. Бир катар илимий коомдордун мүчөсү. Анын эмгектеринин ичинен өзгөчө 1986-ж. «Кызыл суу кыргыз басмасы» тарабынан араб арибинде кыргызча жарыяланган «Кыргыз тарыхы лексийалары» баалуу. Мында «Манас» дастаны тарыхый-этнографиялык булактардын бири катары пайдаланылат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: