Menu
Эл-Сөздүк

БАЙМЫРЗА

БАЙМЫРЗА — кейипкер, Байдын уулу. Манас Каныкейге күйөөлөп барганында Б. Жанай менен бирге калыңга берилчү малды айдагандардын башкаруучусу болуп барат (Сагымбай Орозбаков, 2. 391). Көкөтөй өлөрүндө керээзин ушул «Байдын уулу Баймырза» сырдаш курбусуна айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 8, 13, 26, 33, 38). Б. Көкөтөйдүн кара ашындагы байгени да уюштургандардын бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 63). Саякбай Каралаевдин варианты нда Б. Бокмурунга акыл-насаат берген аксакалдардын катарында айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 13). Семетей Букардан Таласка көчүп келгенде токсон беш жашаган Б. каза болот. Азасына Сары канды жиберип чакыртса, «алты арам» келбейт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 309 — 313). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Байдын уулу деген менен катар эле Кашымдын уулу деп да айтылган учурлар бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 81, 83).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: