Menü
Эл-Сөздүк

БАЙЖИЕВ

БАЙЖИЕВ Мар (1935, Жалал-Абад шаары) — кыргыз совет жазуучусу, драматург, сценарист, прозачы. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Москвадагы Жогорку сценаристтер курсун бүтүргөн (1964). «Манас» эпосуна байланыштуу «Улуу эпос» илимий-популярдуу фильминин сценарийин (1962) жазган. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1984).

БАЙЖИЕВ

БАЙЖИЕВ Ташым Ыскакович (1909, Түп району, Тепке айылы — 1952, Караганда, Булак лагери) — кыргыз совет адабиятчысы, фольклор изилдөөчү, котормочу жана жазуучу.


1940— 42 жана 1944—49-ж. СССР Илимдер акдемиясынын кыргыз филиалында «Фольклор жана «Манас»» секторунда илимий кызматкер, сектор башчысы болуп эмгектенген. Б. кыргыз тили жана адабият окуу куралдарын түзгөн. «Манас», «Семетей» эпостору жана анын тили жөнүндө онго жакын илимий жана сын макалаларды жазган. «Манас» эпосун жазып алууга катышкан жана Сагымбай Орозбак уулунун вариантын редакциялаган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: