БАГЫШ |
|
БАГЫШ |
|
БАГЫШ |
Кара калпак үйшүн бар, Каңыры, тейит, багышы, Канча журтка угулган, Кара кыргыз дабышы (Сагымбай Орозбаков, 3. 15) делип көп уруулар катышкан чоң-чоң окуяларда эскерилет. |
БАГЫШ |
Колундагы сыр найза Сары карагай кыйдырган, Саратанга жыйдырган, Күрөтүп кумга көмдүргөн, Сегиз ай чаап кырдырган, Сексен түрдүү сырдырган, Чарайна менен чаптаган, Сынып кетме болот деп, Пил терисин каптаган, Коло менен чырмаган, Тийген жери ырбаган, Кош кара кыл тактырган, Душманды көздөй бактырган, Колго жылуу болсун деп, Кой макмал менен тыштаган, Уңгусу болот, учу курч, Учуна салган кара курч, Соот бузаар, бөрү тил Карагайдын жармасы, Ак болоттун кыймасы, Темирди сайса тешүүчү Нечен теңирсиген дөөлөрдү Тебетей сайган немедей, Тегеретип кетээр деп, Дөөгө ажал жетээр деп, Өзү соот бузаар бөрү тил (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1079-инв., 106-б.). Манасчынын курал-жарактын жасалышына айрыкча көңүл бурушу жоо куралын баяндаган жерлеринде да ачык көрүнөт. Көпчүлүк манасчыларда Манасты чаап жарадар кылган Коңурбайдын айбалтасына ачык көңүл бурулбайт. Б-та Манастын аты аярлар аркылуу кытайларга белгилүү болгон күндөн тартып аны өлтүрүүчү айбалта жасала баштайт да «Манас алтымыш жашка чыкканча» бүтпөйт. Анын жасалышына да кеңири сүрөттөө берилет: Уудан курап чыгартып Уй майына сугартып, Кумтуйта согуп көк темир Уу чылатып алдырып, Уу челекке салдырып Таштатып койгон жайына Аскар тоонун боюна, ...Анын сугаты уба май болгон, Аны көрөм деген көп элдин Көзү соолуп жай болгон (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1079-инв., 81-82-б.). Манасчы эпосту айтууда өзүнө тааныш, жакын көрүнүштөрдү ишенимдүү, көркөм сүрөттөгөн. Мындай өзгөчөлүк жалпы манасчыларга мүнөздүү. Б-тын вариантында Жакып Баба-Дыйкандын жардамы менен мол түшүм өстүрүп, байыйт. Башка варианттарда да эпостун каармандары дыйканчылык кылышат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кытайлар тарабынан сүрүлгөн Үсөн (Көзкаман) барган жеринде дыйканчылык кылып ирденет. Саякбай Каралаевдин варианты нда атасына таарынган Манас үйүнөн кетип, ай талаада Баба-Дыйканга жолугуп ортоктошуп эгин айдап мол түшүм алып, аны сатып Аккулага ээ болот. Башка варианттарда Алтайга сүрүлгөн мал-мүлксүз Жакыптын тез эле бай болуп кетиши мотивделбей, түшүнүксүз болсо, Б-тын вариантында жарды кишинин дыйканчылык кылып, аябай эмгектенүүсү менен баюусу өзүн логикалык жактан актап, эпосто мурдатан орун алып келе жаткан эпизоддордун бири экенин тастыктайт. Б-тын вариантында Манастын балалык чагы башка варианттардан айрым мотивдер, деталдар боюнча айырмаланат, бирок окуянын жалпы жүрүшү анчалык өзгөчөлүктөргө ээ эмес. Ошондой болсо да колдо бар варианттардын эч биринде жолукпаган Чыйырды эл кыдырган аксак боз кемпирдин кара кызы болушу сыяктуу кызыктуу деталдар жолугат. «Манас» эпосунда бул мотив сейрек кездешкени менен дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында салттык мотивдердин бири. Каарманды демократиялаштыруу максатында көпчүлүк чыгармаларда анын тегин эл ичинде эң жарды адам кылып көрсөтүү жолугат, муну менен чыныгы элдик баатыр элдин терең катмарынан чыгат деген ой берилген. Б-тын вариантында сюжеттин нугу башкалардыкынан айрым деталдары, мотивдери боюнча айырмачылыкка ээ болгону менен элдик оозеки чыгармачылыктын салттарынын чегинен чыкпайт. Кайра аны сактап, колдон келишинче өз шыгына жараша бардык эле манасчылардай пайдаланууга аракеттенет, мурдатан калыптанып, эл ичине кеңири сиңген «Манаска» анын алымча-кошумчасы ошол элдик оозеки чыгармачылыктын салттарынын эсебинен болот. Ар бир айтуучу өз доорунун өкүлү, дүйнөгө ошол доордун көз карашы, ишеними, түшүнүгү менен карайт. Башка варианттарда кытай кандары жоо келип шашылыш болгондо бири-бирине кабарды укмуштуу канаттуу жаныбар аркылуу жиберет. Бул образдар мифологиянын кыртышында жаралып көп элдерде (мисалы, Түштүк-Сибирдеги түрк-моңгол элдеринде) кеңири тараган. Ал эми Б.: Карагайдын башында Катырып койгон чыны бар, Алты айчылык жолдордон Аш бышымда тил алган Чочконун (Коңурбайдын — Р. С.) Ар кандай болгон зымы бар, Айта турган эби бар, Асман менен сүйлөшкөн Тилипон деген кеби бар, — деп өзү үчүн анча түшүнүксүз болгон мифтик образды кыргыз эли кечээ 19-кылымдан тартып тааныша баштаган телефон менен алмаштырган. Буга окшогон модернизациялоо кеңири орун алганын телефондон башка да телеграмма, замбирек, тапанча, алты атаар, пагон (чинди көрсөткөн белги), ок-дары салынган араба жана башкалар терминдердин киришинен байкоого болот. Бүгүнкү күндө Аккелте, дүрбү, Манастын башка жоо куралдары сырнайза, айбалта, ач албарстай эле мааниге ээ. Аларсыз Манасты элестетүү кыйын. Бирок найза, кылыч, айбалта сыяктуу байыркы куралдарына салыштырганда, алда канча кийин, кыргыздар жогорку цивилизациялуу элдер менен байланыша баштаганда гана мылтык, дүрбүдөн кабардар болушкан. Алардын «Манаска» кириши өз учурунда модернизациялык көрүнүш болгон. Бирок мындай кошумчалардын, толуктоолордун, модернизациялоонун бардыгы эле эпостон туруктуу орун алып жашап кете бербейт. Анын идеялык көркөмдүк түзүлүшүнө зыян келтирүүчү кошумчалар, модернизациялоолор сырткы таасирдин күчтүүлүгүнө карабастан элдик эпоско сиңип, биротоло жашап кете албайт. Акыркы кылымдарда Кыргызстанда мусулман дини таркалышына байланыштуу, кээ бир башка варианттардагыдай эле Б-та да айрым мотивдерге исламдын тийгизген таасири байкалып, элдик баатырлардын образын «мусулмандаштыруу», аларды дин идеологиясына ылайыкташтырып көрсөтүүгө аракеттер кездешет. Айтуучунун жеке көз карашынын чектелгенине, мусулман дининин таасирине карабастан эбактан эл ичинде калыптанган элдин эркиндиги, биримдиги тууралуу идеяны негизги багыттоочу нук кылып алган «Манас» эпосу бул вариантта да өзүнүн негизги нугунан ооп кетпеген, жогоркудай сырттан киришүүлөр үстүрттө калган. Үчилтиктин экинчи бөлүмүнүн башы 1941-ж., ал эми анын аяк жагы жана үчүнчү бөлүмү 1949-ж. жазылган. Бул эки бөлүм үчилтиктин биринчи бөлүмүнө караганда ырааттуу жазылып, аларга мүнөздүү салттык окуялар толук камтылган. Б-тын «Семетейи» башка манасчылардай Каныкейдин Темирканга тентип барышы, эр жеткен Семетей Сарытаз менен таанышышы жана андан ата-тегин угушу, Таласка келиши, Темиркандын шаарынан Каныкейди көчүрүп келиши, Чынкожо, Толтойдун чыры, Айчүрөккө үйлөнүшү, Коңурбайдан атасынын кунун куушу, Семетейдин Канчоро, Чачыкейдин чыккынчылыгы менен Кыястан өлүшү сыяктуу окуялардан турат. Башка семетейчилерде кыскача берилген Семетейдин Үмөтөй менен чыры Б-та өзүнчө атайын эпизод катары айтылат. Анын айтуусунда Сейтектин төрөлүшүнөн тартып эр жетип Кыястан өч алып, элине кайра келип кошулушуна чейинки окуялар негизинен «Сейтекке» мүнөздүү салттуу сюжеттик нукту сактайт. Мындан тышкары Сейтектин Айчүрөктүн сиңдилеринин бири Орозкандын кызы Гүлнарга үйлөнүшү, Коңурбайдын уулу Куялы менен согушу өзүнчө кыска эпизоддор катары берилет. Улуу Манасчылар Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулуна салыштырганда Б-тын варианты окуялары чектелүү, кээ бир эпизоддор схема түрүндө кыска баяндалып, катышкан каармандары, эл-жер аттары аз санда болуп, көркөм каражаттарды пайдаланууда айрым мүчүлүштүктөрдүн орун алганына карабастан, эпопеянын үч бөлүгүн тең өзүнө толук камтыган, эпостун элдик идеясын негизинен сактаган, көп жагынан өз алдынчалыкка эгедер болгон белгилүү варианттардын бири. Р. Сарыпбеков |
багыш |
|
багыш |
|
багыш- |
|
багыш |
БАГЫШ II бак этишинин кош мамнлеси. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | багыш |
Множ. число | багыштар |
Склонение по падежам - "багыш"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | багыш |
Родительный Чей? | багыштын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | багышка |
Винительный Кого?, Что? | багышты |
Местный Где?, У кого? | багышта |
Исходный Где?, У кого? | багыштан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | багыштар |
Родительный Чьи? | багыштардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | багыштарга |
Винительный Кого?, Что? | багыштарды |
Местный Где?, У кого? | багыштарда |
Исходный Откуда?, От кого? | багыштардан |
Найти все переводы слова "БАГЫШ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "БАГЫШ"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
БАГЫШ