Menu
Эл-Сөздүк

Айгүл гүлү

Айгүл, Эдуард чаар гүлү (лат. Fritillaria eduardii[ Regel), (Petilium eduardii (A. Regel ex Lozinsk.) Vved.) - Пияз түбү жумуру-шар сымал, 4–9 см калыңдыкта (өстүрүүдө салмагы 1 кг га чейин жетет). Сабагы тик, бороздуу, түксүз, бийиктиги 37–95 (150 ге чейин) см, сабактагы жалбырактары ачык-жашыл, созулуңку-ланцеттей, сабагынын жарымын курчаган, учтугуй, төмөнкү жалбырактарынын узундугу 10–15 см (22,5 см ге чейин), туурасы 5–12 см. Гүл тобунда 15-ке чейин (көбүнчө 4–5) гүл болот . Гүл коргону ачык-кызыл (кара-кочкул-кызыл тарамышчалуу), жазы коңгуроодой, узундугу 4,5–6,5 см. Мөмөсү – кургак кутуча, узундугу 6–7 см, уругу майда, күрөң сымал.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: