Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АТ ЧАБЫШ
 

Ат чабыш

 
Ат чабыш – ат жарыштырган мелдеш (Кыргыз тилинин түшүнд. Сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969, 66-б.).

АТ ЧАБЫШ

 
АТ ЧАБЫШ (байге) — эпосто кеңири жолуккан кыргыз элинин улуттук салт оюндарынын бири. Байыркы замандардан бери кыргыз эли өз өмүрүнүн ар кандай кубанычтуу учурун улуттук салт оюн-зооктор, көңүл ачуулар менен өткөрүп келген. Мунун өзү «Манаста» кан көтөрүү, кан түшүш, кан тартуу өңдүү салттык үрп-адаттарды, аш-тойлорду дайыма элдик оюндар, көңүл ачуулар коштоп жүргөндүгү менен далилденет. А. ч. байыртадан белгилүү болгон. Ал баатырдык үйлөнүү салтына, башкача айтканда кызга үйлөнүүчү баатырга коюлган ар түрдүү шарттардагы сыноо талаптарга байланыштуу чыгышы мүмкүн. Баатырдык эпостордо чагылдырылган баатырдык үйлөнүү салтында кызга үйлөнүп бүлө куруучу талапкерлер үчүн атайын мелдештер уюштурулган жана кимиси мөрөй алса ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн сыноодо көбүнчө үч мелдеш: ат чабуу, бута атуу, күрөш мүнөздүү болуп эсептелген. Мына ошол А. ч. мелдешннин (байгенин) кыргыздарда бир канча түрлөрү болгон: аламан байге, чоң байге, кара жарыш, көр байге, мүрзө байге, кемеге байге. Булардын ар биринин өзүнө гана тиешелүү озуйпасы бар. Аламан байгеде аттар орто аралыктарга чабылып, күлүктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө чек коюлбайт. Чоң байгеде болсо (муну кыргыздар конолуу байге, коно ат чабыш, түнөтөр байге деп да атайт) өтө алыс аралыкка байге сайылат. Буга ашкан күлүк аттар гана катыша алат. Кара жарышта аттар жакын аралыкка чуркап, байге сайылбайт. Бул чоң байгенин алдында өткөрүлүп, аттарды сыноо, туяк-баштарын байкоо сыяктуу гана милдет аткарат. Көр байге өлгөндүн урматына өткөрүлгөн. Кара ашта чабылчу А. ч-тын бул түрү маркумду жайына койгон учурда чабылып, байгесине анын урунган айрым буюмдары, дүнүйөсү сайылган. Эпосто бул көркана (Сагымбай Орозбаков, 3. 43) деген ат менен учурап, Көкөтөйдү койгондо анын сансыз малынын байгеге сайылганы сүрөттөлөт. Мүрзө байге болсо кырк ашта чабылат. Ашка даярдык көрүп аш өткөрөр жерге кемеге казганда кемеге байге чабылган. Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн А. ч. — байгенин дал мына ушул коно А. ч. деген түрү. Эпосто «Атты айдатып ийгени, Атпай журттун баарысы Ашты көздөй киргени» (Сагымбай Орозбаков, 3. 160) баяндалып, А. ч-ка кошулган аттар чаап келгенче элдик оюндардын башка түрлөрү өткөрүлгөн, ошондой эле чапкан аттардын байгеси, күлүктөрдүн марага келиши өзүнчө сүрөттөлгөн (Сагымбай Орозбаков, 3. 258—273). Манасчылар чабылчу күлүктөрдүн тапталышына, аттарды чубатуудан өткөрүп сыноого, ат сүрөөгө кеңири токтолушат: А. ч-ка Манастын Аккуласы жана Жолойдун Ачбууданын кошуп эсептегенде миң тулпар чабылат. Аккуласыз Манасты эр сайышта аларына ишенген Коңурбайдын арам ою оңунан чыкпай жеңилет. Бул гана эмес чоң байге сайылган тулпарлардын жарышында Манастын Аккуласынын биринчи болуп (экинчи Төштүктүн Чалкуйругу, үчүнчү Жолойдун Ачбууданы) марага келиши Коңурбай, Жолой баш болгон кытай, калмак колбашчы баатырларынын намысына тиет. А. ч-та алдыга чыгып келаткан Жолойдун Ачбууданын кыргыздар атайылап жыкты деген шылтоо менен кытай, калмактар жаңжал чыгарып байгени талап алат. Байгеден чыккан жаңжал «Манас» эпосунун көпчүлүк варианттарына мүнөздүү. Анткени:
Баш байгеге сайганы,
Сексен миң жылкы, миң атан,
Жана жүз миң кой болду,
Тогуз миң толук уй болду,
Эсебин малдын ала албай
Эл жакшысы буй болду.
Жабыкбашы кундуздан
Жана токсон үй болду,
Үй башына карасаң
Бирден эркек ээси бар,
Экиден шайдоот күң болду (Сагымбай Орозбаков, 3.146).

Эпостогу Көкөтөйдүн ашында чоң байгеге сайылган бул баш байге айтып тургандай чыгып келген күлүктүн ээси мына ушунча мал-мүлк жана кул, күңдүү болот. Мунун өзү ошол салттык мелдештин да, ошондой оюнзооктору мол сүрөттөлгөн «Манастын» өзүнүн да байыркылыгынан кабар берет. Байгеге минтип кишинин кошо сайылышы эпосто Манаска Алмамбеттин келишиндеги кан тартышта да элестүү сүрөттөлгөн.
Жыйырма чоро жаштардан
Байге боло калбаспы.
Атты чапкан өзүбүз,
Макул болсо сөзүбүз,
Башканын аты алабы?!...
Адамды байге сайды деп
Алмамбеттин көңүлүн
Бир көтөрүп салалы! (Сагымбай Орозбаков, 3.325).
Чапкан күлүгү менен кошо эрктүү түрдө өз башын да байгеге сайганы чоролордун Алмамбетке чоң урмат көрсөтүшкөнүн, анын кан тукуму экенин сыйлагандыктарын жана өмүр бою ага чоролук кызмат кылууга өзүлөрүнүн даяр экендиктерин көрсөтүп турат. Бул жерде эзелтен сөөк урматтап, адилет башчы күтүүнү эңсеп келген элдин нукура акыл-эс, ой-пикири чагылдырылган.


Манастын Каныкейге үйлөнгөн тоюндагы жар тандоо салтында чабылган А. ч. байгенин өзгөчө түрү (Сагымбай Орозбаков, 2. 421—427) катарында сүрөттөлөт. Манасчы Саякбай Карала уулу өзгөчө берилүү, зор эргүү менен айткан «Каныкейдин Тайторуну чабышы» эпизоду «Семетей» эпосунда өзүнчө бөлүмдү түзөт. Анда Букарда тарбияланган Семетей он экиге толгондо таятасы Темиркан аны кан көтөрүп той берет. Тойдо өткөрүлгөн А. ч-та Каныкейдин Семетейдин келечегин билиш үчүн, алтымыш асый Тайторуну чабышы, анын чыгып келиши жогорку көркөмдүктө эмоциялуу баяндалат. Коомдун өнүккөн кийинки баскычында байыркы мезгилдердеги баатырдык үйлөнүүдөгү салттык мелдештер коомдун социалдык абалы өзгөргөнүнө байланыштуу өзүнүн алгачкы функциясын жоготот да, ар кандай жыйындарда (түшүм майрамдарында, өкмөттүк салтанаттарда) гана өткөрүлүүчү улуттук салттык оюндарга айланат. Мисалы, кыргыздарда кыз куумай, балбан күрөш, эр эңиш, улак тартыш, ат чабыш жана башкалар оюндар ушул кезге чейин улуттук-салттык оюн катарында сакталып келе жатат.
И. Абдувалиев


Найти все переводы слова "АТ ЧАБЫШ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АТ ЧАБЫШ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru