АРМАН — кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында лирикалык ырлардын бир түрү. Манас эпосунда А. каармандардын кулк-мүнөзүн, дүйнөгө болгон көз карашы, жалпы эле адамдык сапатын ача турган көркөм ыкма катары жолугат. Жакыптын А-ы:
Акыретке бет алсам
Атакелеп артымдан
Наалып калаар балам жок...
Талаада жүрөт тайларым,
Таптап минер балам жок (Сагымбай Орозбаков, 1.17),
— деп баласынын жоктугуна зарланганын, Алмамбеттин А-ы болсо эрксизден ажырап, көптөн бери көрбөгөн элин, жерин айтып (Сагымбай Орозбаков, 2.102—117, 4. 272—276) каңырыгы түтөгөнүн билгизет. Эпосто А. тиешелүү каармандын образынын ачылышына кошумча боёк берип, зоболо-абырой, даража орунун да билдирет. Сыргакты баш кылып курман болгон эрлердин сөөгүн койгондон кийин согушуп жатып кытайлардан Алмамбеттин сөөгүн тартып алгандагы Манастын А-ы — өйдө болсо өбөк, ылдый тартса жөлөк болор дос-жолдошторунан ажырап, алардын күйүтүн тарткан адамдын А-ы:
Жаагына жаагын жаздады,
Күңгүрөнүп токтобой,
Өкүрүп сөзүн баштады:
Эгиз козу түгөйүм,
Экөөнү бирдей жеп алып,
Эрикпей кантип жүрөмүн!
Аккула окко учуруп,
Алмамбет шейит кечирип,
Канатыман кайрылып,
Мен кантип кетем Таласка!
Алмамбет атышка салсам ак жолум,
Чубагым артымда жүрсө сан колум
Карагай жалгыз, кан жалгыз,
Долоно жалгыз, топ жалгыз,
Топ жолдоштон айрылып,
Томсоргон Манас мен жалгыз!... (Саякбай Каралаев, 2.219).
Ал эми Манас өлөрдө кабарга барып, Сайкалдан кордук көрүп келаткан Ажыбай «Айкөлүм Манас өлбөй кал, Азапты куу жан көрбөй кал!» (Саякбай Каралаев, 2.242),— деп Манас менен чогуу жүргөн кезин эскерип, Манас жок кордук-зордук көргөнүнө А. кылат. Семетей Каныкейди эжем деп жүргөнүндө Манастын уулу болбой калганына:
Баласы болсом Манастын,
Жалгызы болсом эжемдин,
Санаса көңүл ток эле,
Алда таала кудайга
Түк арманым жок эле! (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.117),— деп А. кылса, Коңурбай:
Айкөлдөй болгон Семетей,
Менин уулум болсочу,
Айдап жүргөн көп жылкы,
Атаганат көр дүйнө,
Менин кунум болсочу (Курама варианты, «Семетей», 260),
— деп А. кылат.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как АРМАН
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
63Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 х 7? Ответ:
Отправить
зат. Көксөгөн ой-санаа, көксөгөн тилек, орундалбаган тилек, кайгы, муң-зар. Арманга ичи жык толуп, Арстаның бармакты жара чайнады («Манас»). Айта турган арман көп болсо да, айтпаймын (Жантөшев).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как арман
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
9Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 7 + 2? Ответ:
Отправить