Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АРБОО

АРБОО — сыйкырлоо, дубалоо. Байыркы адамдар тышкы дүйнөнүн ар түрдүү көрүнүштөрүн өзүнө багындыруу жолун жакшы билбегендигинен, аларды кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн колдоосу менен жеңип чыгуу тууралуу кыялдарынан келип чыккан. Мисалы, айлакер Айчүрөктүн дуба менен адамча сүйлөөчү Тооторуну арбап, тилин бууп салышы, Тооторунун Айчүрөктү алып учуп жөнөшү, эң акырында, дубакөй аялдын А-су аркылуу Тоотору тулпардын «койго жеткис», «уйга жеткис» болуп калышы сыяктуу кереметтүү сыйкырлар адамдардын кара күчтүн үстүнөн болгон жеңишин көрсөтөт. Мындай жомоктук-фантастикалык учурлардын кадимки турмуштук катнаштар менен айкалыштырылып сүрөттөлүшү образдын көркөмдүгүн арттырат, мазмунун тереңдетет. «Сейтекте» ушул драмалык окуядан кийин сюжет чиеленишет, башкача айтканда Сейтек баш болгон элдик баатырлар ички душмандын адилетсиз бийлигинен элди, жерди бошотуу максаты ишке ашырылат.

арбоо

арба этишинин кыймыл атоочу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: