Меню
Эл-Сөздүк

АРАВАЕВ

АРАВАЕВ Ишенаалы (1882, азыркы Кочкор району, Күн Батыш айылы — 1938)— кыргыздын туңгуч агартуучуларынан. Алгачкы билимди айыл мектебинен алган. 1900—10-ж. кыргыз айылдарында мугалим болуп иштеген. 1910—13-ж. Оренбург шаарындагы «Медресе Кусейиниядан» бир жыл окуп, анан Уфадагы «Медресе Галиядан» окуп билим алган. 1911-ж. Молдо Кылычтын «Кысса зилзаласын» Казан шаарынан чыгарган. Кыргыз, казак балдарына арнап «Алиппе жаки төтө окуу» аттуу туңгуч окуу китебин Сарсекеев экөө жазып, Уфадагы «Шарк» басмаканасынан бастырган. Бул туңгуч окуу китеп кыргыз, казак жаштарын кат таанып, билим алышына чоң салым кошкон. 1912-ж. «Жазуу өрнөктөрү» (таза жазуунун үлгүлөрү) аттуу кичинекей китепче жазып, анын Оренбург ш-ндагы «Вахит» басмаканасынан бастырган. Эл арасында мугалим болуп иштеп жүргөндө Тыныбек манасчынын «Семетейинен» үзүндү, Боогачынын «Секетбайын» жана фольклордук материалдарды жыйнаган. А. 1922-ж. Сагымбай Орозбак уулунан «Манас» эпосун жаздырууну уюштурат. 1924-ж. туңгуч кыргыз алфавитин түзүп, «Кыргыз алиппесин» жазган. Ошондой эле кыргыздын туңгуч газетасы «Эркин-Тоону» уюштурууга да катышкан. 1925-ж. «Сабатсыз чоңдор үчүн алипени» түзгөн. Тыныбек жомокчунун «Семетейин» Фрунзеден, Ташкенден жана Москвадагы СССР элдеринин басмаканасынан жарыкка чыгарып, эпостун жыйналышына, изилденишине чоң салым кошкон.
3. Бектеков




Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: