Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АПАТИЯ

– толук көңүл коштук, жүүнү бошоп ылдырагандык абал; айланадагы бардык нерсеге кош көңүлдүк кылуу. А-нын дайыма боло бериши нервдик-психикалык оорунун (шизофрениянын) башталышынын алгачкы белгиси болушу мүмкүн. А. мектеп окуучуларынын окуп-билим алуу иштерин өтө кыйынчылыктуу абалга келтирет. А. кезинде окуучунун жаңы материалды өздөштүрө албагандыгы, эсинин начарланышы, ишке жарамдуулугунун төмөндөшү күч алат да, мунун бардыгы анын сабактарды өздөштүрө албай калуусун шарттайт. Мындай балдарды окутууда эмгекти туура уюштуруу, алар менен жекече иш жүргүзүү ж. б. эң чоң роль ойнойт. Мугалимдин милдети баланы окууга кызыктырып, аны чыдамкайлык менен эмгектенүүгө көн-дүрүү. Мындай балдарды нерви бузулган балдардын санаториялык мектептерине дайындоо эң жакшы натыйжаларды берет.



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: