Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР
 

АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР

 
– денелик же психикалык өнүгүшү нормалдуу эмес, ошондуктан атайын шарттарда тарбиялап окутууну талап кылуучу балдар. Мындай балдардын өсүп-өнүгүшүнүн нормадан кыйшаюусу же тубаса, же кийин келип чыгуучу дефекттерден болот. Ошондуктан кээде «дефекттүү балдар» деген термин да колдонулат. А. б-дын дефекттеринин негизги категориялары: көрүүсү (кемчил), угуусу (кемчил), речи бузулган (кемчил), акылы боюнча артта калган (кем акыл) балдар болуп эсептелет. А. б-ды тарбиялап, окутууну үйрөнүү иши дефектология илиминин мазмунун түзөт. Мындай балдарды үйрөнүү процессинде дефектинин келип чыгышы, анын мүнөзү жана убактысы, баланын аномалдуу өсүшүнүн жолдору айкындалат; баланын сезгичтигинин бузулушунун так мүнөздөмөсү (анын угуусу, көрүүсү, ойлоосу канчалык даражада бузулуп начарлагандыгы ж. б.) берилет. Окутуу процессинде өсүүнүн кемчиликтерин аныктоо жана ал дефекттерди компенсациялап толуктоонун жолдорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүүчү пед. изилдөөлөр өзгөчө чоң мааниге ээ. Балдардын денесинин жана психикалык өсүшүндөгү анча ачык билинбеген кемчиликтерди компенсациялап толуктоонун туура жолдорун аныктоодо массалык мектептердин окуучуларын пед.жактан үйрөнүүнүн жана бул кемчиликтерди мугалимдердин өз учурунда байкап билип турушунун зарылдыгы өзгөчө кымбат. Баланын сабакты анча өздөштүрө албай калышынын себеби көп учурда анын угуу же көрүү органдарынын начардыгынан, же психикалык өсүшүнүн убактылуу кармалып калышынан экендигин өз убагында байкап билбегендиктен келип чыгат. Баланын ойноосундагы, жалпы жүрүм-турумундагы жана интеллектуалдуу эмгектенүүсүндөгү тигил же бул кемчиликтер билинер замат ата-энелер педагогдорго жана врачтарга кайрылып консультация алышы зарыл. Акылы боюнча артта калган (кем акыл) балдар – булар туюнуу процессинин нормалдуу өнүгүшү бузулган жана ошол себептүү бардык психикасы бүтүндөй кемчил болгондор. Мындай балдардын негизги группасын олигофрендер түзөт. Кем акылдуулар 3 түрдүү:
а) идиоттордун (жиндилердин) психикалык өнүгүүсү гана эмес моторикасы (кыймылы) да аябай бузулган (алар өз алдынча жыла алышпайт), өзүн-өзү тейлөөнүн эң жөнөкөй ыкмаларын өздөштүрүүгө да жарамсыз, речи жок жана башкалардын речин да түшүнүшпөйт. Аларды дайыма такай тейлеп турууга туура келет, ошондуктан алар көбүнчө социалдык тейленүүчү балдар массаларында же психикасы бузулгандардын колонияларында тарбияланышат.
б) имбецилдер туюнуу процесстери өтө бузулган, узак убакыт багытталып иштей албаган, ою оңой эле алагдыланып кетүүчү балдар. Алар речи жаман, тили тантык, кекеч болушат. Көп убакыт бою атайын окутуудан кийин гана алар араң окууга, араң жазууга жана өзүн-өзү эптеп тейлөөгө үйрөнө баштайт. Имбецилдерди окутуу жана тарбиялоо социалдык камсыздандыруунун балдар мекемелеринде же жардамчы мектептердин алдындагы атайын класстарда ишке ашырылат.
в) дебилдер – булар акылы бир кыйла артта калган, бирок атайын программа менен жардамчы мектепте системалуу түрдө окуй алуучу балдар. Дебилдердин акылы эрте жашынан эле бузула тургандыгы алардын ойноосунан, окуусунан ж. б. эмгектенүүсүнөн көрүнөт, алардын эмоциясы жана эрки жарды, өздөрүнүн керектөөлөрү, муктаждыктары, кызыкчылыктары өтө чектелинген болот. Дебилдердин көпчүлүгүнүн жүрүш-турушу жай, тыкан, аткаргыч, чектелген кызыкчылыктары туруктуу, баштаган ишти аягына жеткиргич, бирок өзүн-өзү жогору баалоочу болот. Дебилдердин кээ бирлери өтө эле ээликме, бир орунга токтолуп тура албаган, шалакы, сөз укпаган, оюн токтото албаган, өзүнүн ишин башкара албаган, аларга коллективде иштөө эң оор жана ошондуктан алардын жүрүш-туруштарын тынымсыз жөнгө салып (коррекциялап) туруучу атайын пед. иштерди дайыма жүргүзүп турууну талап кылышат.
Башталгыч мектеп жашындагы дебилдердин туюнуу аракеттери бир кыйла өзгөчөлүү: кабыл алуулары жай, толук эмес жана айлана-чөйрөгө багыттанышы начар, так эмес, өзгөрүлүүчү шарттарга начар ылайыкташкан, байкагандарын сезип ойлонуусу жаман, так эмес. Алардын чындыкты элестеп кабыл алуулары так, толук эмес болушу, кабылдоолорунун өзгөчөлүгү менен, өтө унутчаактыгы жана окшош нерселерди бири-биринен ажырата алышпагандыгы менен түшүн-дүрүлөт. Биринчи жылдарда дебилдер окугандарын жана көргөндөрүн тез унутушат, анткени алардын сезимдүү эстеп калуулары жок. Мындай балдардын речи (тили) өтө эле кеч (3–4 жашында) чыгат. Аларды тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу чоң, баланын өсүшүндөгү артта калуучулук билинер замат ата-энелер психоневрологдон кеңеш сурап, зарыл болгон учурда баланы мектепке чейинки атайын мекемеге орноштуруу керек. Жардамчы мектепти бүтүргөндөн кийин мындай балдар көп учурда өздөрүнүн алы келе турган иште эмгектене алышат.

Найти все переводы слова "АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АНОМАЛДУУ (АЯЛУУ) БАЛДАР"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru