Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: жетилт- Демонополизация экономики Тез кошуу
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АНЖЫЯН
 

АНЖЫЯН

 
АНЖЫЯН — топоним. Фергана өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар. Эпосто кыргыздар мекендеген жер катары өтө арбын жолугат. Эпостогу «Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсак дейм», «Атамдан калган Анжыян Акыры издеп табам деп», «Башта ушул Анжыян Бабаң өскөн жер экен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13, 147, 177) деген сыяктуу маалыматтар берилип, А. Алооке чапканга чейин эле кыргыздардын мекени болот. Кыргыздардын Манас баштап Алтайдан Ала-Тоого көчүшү да Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Жакып элди чогултуп, Алтайдан Анжыянга көчөлү деп айтканы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 12) деген тема менен берилет. Андан нары эпосто А-ды кыргыз уруулары жердегени айтылып жүрүп отурат. Саякбай Каралаевдин варианты нда А. өтө көп кезигип, аны «айры сакал Сынчыбек» бийлеп, өзү Манаска баш ийип турат. Тарыхый маалыматтарда А. шаары 1282—1306-ж. Тува-хан тарабынан курулгандыгы айтылат (Б. Г. Гафуров. Таджики. II том)


Найти все переводы слова "АНЖЫЯН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АНЖЫЯН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru