Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АМБАЛ

АМБАЛ (кыт. амбань, анбань — округдун аскердик губернатору, Манжуриянын Цин династиясынын мезгилинде чыгыш Түркстандагы эң жогорку титулдун бири) — эпостун негизги варианттарында душман каармандарынын титулу (кээде энчилүү ат) катарында айтылат: «Амбал Чулу барыптыр, Аз күнү уруш салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 100).

АМБАЛ

АМБАЛ — топоним. Манаска чыккынчылык кылып, бети ачылып ашкереленген Көзкамандар Эсенканга карай көчүп багыт алган тоо (Курама варианты, 1.285).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: