Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АЛТЫ ШЕРДИН КЕНЖЕСИ
 

АЛТЫ ШЕРДИН КЕНЖЕСИ

 
АЛТЫ ШЕРДИН КЕНЖЕСИ. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас баатыр Сулайман, Дауд, Искендер Зулкарнайн, Үрүстөм-Дастан, Азирет Аалы сыяктуу баатырлардын эң кичүүсү катары эсептелет. Кызыр (Хизр-Иляс), Кырк чилтен (чилтан) аттуу пир сыяктуу элес-образдар менен катар Сулайман (Соломон), Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский), Алишер (Хазрети Али, Шахимардан), Чалияр (төрт дос — Али, Осмон, Омар, Абубакир), Үрүстөм жана башкалар легендарлык фольклордук кейипкерлер Орто Азия элдеринин оозеки чыгармаларына да кеңири тараган. Алар «Манас» эпосунда «алты шер» аталат. Манас баатыр А. ш. к. катары сүрөттөлөт. Эпос чагылдырган каармандарынын ичинен мындай артыкчылык сапат Манаска гана ыйгарылат:
Алты шердин артыкча
Кенжеси болуп жаралдың
Сайыппуруш көкжалдын
Берени болуп жаралдың (Саякбай Каралаев, 2. 46, 106, 242),

— деп Манастын эрдик иш-аракетин легендарлык кейипкерлердин (Сулайман, Искендер, Азирет Аалы, Үрүстөм) образына салыштырып берүү максатында анын телегейи тегиз сапатын өзгөчө поэтикалык формада идеалдаштырат.
М. Мукасов


Найти все переводы слова "АЛТЫ ШЕРДИН КЕНЖЕСИ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛТЫ ШЕРДИН КЕНЖЕСИ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru