Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АЛТЫ КУРЧ
 

АЛТЫ КУРЧ

 
АЛТЫ КУРЧ — Манас жана анын эң жакын башкы чоролоруна арналып асмандан керемет менен түшкөн кылычтардын жалпы аты. Саякбай Каралаевдин варианты нда гана айтылып А. к-ка баатырлардын кандайча ээ болгондугу, алардын ар биринин энчилүү аты, сын-сыпаты кеңири мүнөздөлөт:
Асмандан түшкөн алты курч,
Кылычтын кыл мыктысы
Манас алган Зулпукор,
Ажыбай алган Ачболот,
Бакай алган Кылболот,
Алмамбет алган Жойкума,
Чубак алган Ачалбарс,
Сыргак алган Наркескен,
Алты болот курч ошол,
Ачуусуна тийгенде,
Ааламды бузган мүлк ошол
Кыйкырып кындан алганда
Кан ичпей куру жүрбөгөн,
Кызыгып кындан чыгарса,
Кан ичпесе кайрылып кынга кирбеген,
Кабарын угуп алганда
Качып душман дүрбөгөн (Саякбай Каралаев, 2. 231).

Манас баатыр Жакыпка тарынып кетип, Боз-Талаага Баба-Дыйкандын колдоосу менен аштык айдап, алган түшүмүн Карача канга Аккулага алмашып, кайтып келаткан жолдо ага бир аксакал думана жолугат. Ал А. к-тун маанисин, касиетин айтып Манаска тапшырып көздөн кайым болот. Мындан көрүнүп тургандай эпикалык башкы каарман эл эңсеген ой-тилекти аткарыш үчүн атайы жаралган сыяктуу, анын куралдары да ошол миссияга арналып, кереметтүү жол менен атайы көктөн түшөт. Манас өзүнүн эң жакын чоролору менен инсандык жакындыгы, бири үчүн бири жаралган тагдырлаштыгы алардын негизги жоо куралдары көктөн түшүп тектеш болушу аркылуу да айкын белгиленет.
С.Алиев


Найти все переводы слова "АЛТЫ КУРЧ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛТЫ КУРЧ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru