Меню
Эл-Сөздүк

АЛКАК

«Алкак ийип арчадан, түп кынаган челекке, Ак кайыштай чоюлуп, Карскан ийген элекке» (Калык) Жыгаччылыкта челек, элек, май бышкыч (куу-күү) сыяктуу идиштердин бөлүктөрүн бириктирүүчү, алардын эки-үч жерине курчала турган ичке (2,0—3,0 см.) түпкүч формасындагы жыгач. Аны чеберлер сууга салып, жибитип, табына келген кезде ийишет. Мындай ыкма менен казанга түпкүч, элекке карскан, шири идиштеринин оозуна кептөөч да жасалат.

алкак

алкак, алкагы, алкакка
алкак убакыты

алкак

зат. 1. Ийип жасалган тегерек; кандайдыр бир нерсеге айландыра курчалган курчоо. [Гүлбүбүнүн] алкакты тизесине кийгизе илме шибегени ыпылдата жипти жипке илгени көзгө илээштейт (Сыдыкбеков). Мен ушул алкагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам (Айтматов).
2. геогр. Эки параллелдин же эки меридиандын ортосундагы жердин бир бөлүгү. Мелүүн алкак. Ысык алкак.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: