АК ҮЙЛҮҮ |
Өкмөттөн айрылып, Өкүнбөс боло турсун деп, Улуктуктан айрылып Урушпас боло турсун деп, Манас алам ак үйлүү, Мага моюн сунсун деп (Сагымбай Орозбаков, 2. 178) Манастын өзүн А. ү-гө алмак болот. Алоокенин зордукчул өкүмүнө каршы турган Манас анын өзүн багындырып: Башкы балаң Боокени Мага жалдап бериңиз! Ак үйлүүгө алганым, Ал сөзүмө көнбөсөң Азыр бүгүн башыңа Акыр заман салганым! (Сагымбай Орозбаков, 2. 196), — деп айтат. Манас баатыр багынып берген Алоокеден балдары Бооке менен Кошабыштарды А. ү-гө алат. Кийин Бооке менен Кошабыш Манастын чоролору болуп калат. А. ү. экинчи мааниде байлыктын жана бийликтин символу маанисин да билдирет. |
Найти все переводы слова "АК ҮЙЛҮҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "АК ҮЙЛҮҮ"?
Ввойти