Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: flaş душеспасительный ошпурдай талыма созолонт- салалуу патрон ОЦЫГАНИВАТЬ Агенттик аткарымдар Картель серүүн реалистичный жоон Палаталардын биргелешкен жыйыны теке кароосуздук чарылдак impersonation совершенный (наилучший) суналт Банкротство (несостоятельность) ортончу
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - АКЫЛАЙ
  • Картель
 

АКЫЛАЙ

 
АКЫЛАЙ — каарман, Манастын аялы, Шооруктун кызы. Манас Оогандын каны Шоорукту жеңип, кызы А-ды тартууга алат. ЗКоокерчилик доордун салты боюнча кыз баатырдын «олжосу» болуп турган тарыхый шарттын көркөм элеси эпостун бардык варианттарында учурайт. Түш. Кыргызстандан (Ноокат, Алай рндору) жазылып алынган жана Жусуп Мамайдын вариантында А. эмес Накылай. Бардык айтуучулар А-дын образын түзүүдө жалпы эпостук салтка ылайык анын портретине, ички сапат-касиетине, кылыкжоругуна таамай мүнөздөмө беришет: Шооруктун кызы Акылай, Шоодураган капырай, Короз моюн, аппак бет, Койкоңдогон кара бет. Карагат көздүү, кардай эт, Какшаңдаган кара бет (Сагымбай Орозбаков, 2. 221). А. келишимдүү сымбаты, жасакерленген кыялжоругу аркылуу Манаска жагууга аракеттенет. Анын колунан иш келбеген чоркоктук, эл тагдырына көңүл кош караган пассивдүүлүк, жеңил ойлуулук, туруксуздук, мансапкорлук жана күнүчүлдүк сыяктуу жагымсыз сапаттарын, акылсыздыгын байкаган Бакай: «Каада билбес катының, Кайдан келген каапырың. Катыным бар деп ойлопсуң, Канкорум Манас бойдоксуң»,— (Саякбай Каралаев, 1. 235),— деп Манаска «тагдырына багышталган», «маңдайына жазылган» аялы башка экенин билдирет. Ант кени А. Манаска ылайык жар эмес, эпикалык чыгармадагы башкы баатырдын аялына коюлуучу талаптарга жооп бербейт. Манастын жоо кийимин даярдап, сарамжалын көрүү милдетин аткара албаганы — А-дын Манаска татыктуу жар эместигинин далили. Манастын А-ды олжолоп үйлөнүшүнүн жалпылыктары ар бир айтуучунун окуяны берүү бөтөнчөлүгүн, образ түзүү өзгөчөлүгүн жокко чыгарбайт. А-дын образынын эволюциялык өнүгүшүндө белгилүү айырмачылыктар учурайт. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын өлгөнүнө кырк күн толо электе А. «ал уулга тийбес катындын жети атасы каапыр», — деп Көбөшкө тийип алат. Кайрадан күйөөгө тийип, өз баркын көтөрүү максатын көздөгөн А-дын образы таптык коомдогу «канышаны» элестетет. Эпосто А-дын жагымсыз образы аркылуу өз элин эл тута албай жат болуп, ички душмандын кызматын кылган, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мансапкор аялдын элеси берилген.
C. Алиев

АКЫЛАЙ

 
АКЫЛАЙ — эпизоддук кейипкер, Айчүрөктүн нөкөрү. Айчүрөк Үргөнчтүн боюнда Семетейди тосуп жатканда А. кереметтүү түш көрүп, аны кыздарга баяндаганда түшүн Канымжан жоруп, Семетейдин келе турганын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 46—47).


Найти все переводы слова "АКЫЛАЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АКЫЛАЙ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru