Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АКТАН
 

АКТАН

 
АКТАН Тыныбек уулу (1888, азыркы ТяньШань району, Тегерек-Булак айылы —1951, ошол эле жер) — манасчы, акын жана комузчу. Белгилүү чоң манасчы Тыныбектин уулу. Жаштайынан атасы айткан «Манасты» угуп чоңойгон.


А-дын сөз өнөрүнө шыктуулугу он үч жашында эле байкалган. Адегенде комуздун коштоосунда элдик ырларды аткаруучу катары таанылып, өзү да ыр чыгарып, элдик ырчылардын катарына кошулган. 1936—47-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Көптөгөн күүлөрдү, анын ичинде «Манас» эпосунун обонунун негизинде «Чоң кошуун», «Семетей күү» деген күүлөрдү жараткан. «Манас» эпосунан «Көкөтөйдүн ашынан» үзүндү, «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин жетим калып Букарга барышы» жана «Семетей Букардан Таласка келип Манастан калган мүлктөрдү алып жаткан жери» деген эпизоддорду жаздырып, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. А. айткан «Манас» менен «Семетей» үзүндүлөрү идеялык жактан таза, өз алдынча көркөмдүккө жана оригиналдуулукка ээ. «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунда Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын берүү жөнүндө Таластагы Манаска келип кеңешинен тартып, Мааникерди зордук менен алмак болгон Коңурбай Манастын каарына чыдабай коркуп багынганга чейин жазылып алынган. Эпизоддун сюжети негизинен Сагымбай Орозбак уулунун мектебине жакын. А-дан жазылып алынган «Семетей» эпосунан үзүндүлөр башка варианттар менен негизги сюжеттик өзөгү окшош. Эпостун башталуу эпизоддору, андагы окуялар турмуштук чындыкка жакындаштырылып баяндалат. Манас өлгөндөн кийин Абыке, Көбөштүн Каныкейге көрсөткөн кордугу башка семетейчилердин айткандарына жакын. Мында негизги айырмачылык Абыке, Көбөштөн корккон Чыйырды менен Каныкей бешиктеги Семетейди жашырып, жер алдында багат да, Букарга аман алып качып, жолдо Каракандын балбаны Акбалбанга кезигет. Ал жолоочулардын кайдан келе жатканын сурайт. «Барар жерим Майстан, турар жерим Чилистан» — дейт Каныкей. Акбалбан Букарга келип жолдон жесир аял, жетим бала кѳргѳнүн Караканга айтат. Каракан кейип ыйлап Каныкейдин карын бөлөсү Козубек баштаган бир тобун жиберип Каныкей, Чыйырды, Семетейди тосуп алышат. Каныкей атасына тарынычын айтып, анын колунда турбай кетерин айтат. «Талас калса, эл калса, Медина кирип сен барсаң, Медериң көрбөй Сен калсаң кандай болот» дейт Каракан. Каныкей: «жамандык менен жакшылык баарына кабар берсем да бала ордуна көрбөдүң. Мединага барып Манаска куран түшүртөм» — дейт. Каракан Каныкейдин келишине арнап той берип таарынычын жазат. Семетейди Козубекке бала кылып берет. Козубек Семетейди тарбиялап өстүрүп, жети жашка чыкканда молдого берип окутат. Семетей тентек өсүп, эч кимди . көзүнө илбей кожо, молдолорду сабайт. Шоктугу токтолор деген ой менен Козубек Семетейди койчулукка берет. Тентектиги аябай ашынган Семетей койчу болуп жүрүп, кой, козуларды союп, жолдош балдарын токмоктойт. Уйчу, жылкычы да болот. Семетей балдардын минген торпокторун союп, жылкыларды сабайт. Семетейдин тентектигинен бүткүл Букар эли «Же жубарымбек турсун Букарга, же журтуң турсун Букарга» — деп Темирканга арызданып барышат. Семетей он жашка чыкканда Каракандын колуна келет. Эпосто Семетейдин таятасы Каракандын колунда тарбияланышы кыска айтылат. Каныкей өз жомогунда кыргыз эли, Таластын жайы, Манастын күмбөзү жөнүндө айтышы, Семетейдин Таласка келип Бакайга кезигиши, Абыке, Көбөшкө барышы, Жакыптын Семетейге уу берип өлтүрмөк болгону башка варианттарга окшош айтылат. Ырас, айрым мотивдер, көркөм сүрөттөөлөр боюнча өзүнчөлүккө ээ. Мисалы, Семетейдин төмөнкүдөй сүрөттөлгөн портреттери башка манасчылардыкынан кыйла айырмалуу:
Кеңдигин көрсөң Таластай,
Келбетин көрсөң Манастай,
Бука моюн, кең далы,
Кабагы бийик, өңү саз,
Кең көкүрөк жайык төш,
Эрди шалпык, ээги узун,
Эртеги кеткен султаның
Эр Манаска мүнөздөш.
Жазы маңдай кара сур,
Келте мурун, кең таноо,
Келбети сонун жаш бала,
Кулагы жазы калкайып,
Келишимдүү залкайып.
Кабагы бийик, бүркүт көз,
Карчыга далы, шумкар төш.
Айдай боз ат мингени,
Алтын жака торгой көз
Ак күрөөкө кийгени.
Оң далысы кең экен,
Баралына келгенде
Ойротту бузар эр экен.
Сол далысы кең экен,
Мүчөлүнөн өткөндө
Солоонду бузар шер экен.
Жолборстой көзү жайнаган
Жоон топ төөнү айдаган,
Кабагы бийик, өңү саз.
Каптап койгон эмедей,
Караганы баланын
Каз моюн эле эр Манас (Актан Тыныбековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 990инв., 256-257-б.).

Семетейдин өз жакындары саналган Абыке, Көбөш, кырк чоро жана чоң атасы Жакыпка жолугушуунун айрым мотивдери өзүнчөлүккө ээ болуу менен кызыктуу. Мисалы, Бакай агаларына Семетейди тааныштыруу үчүн Көбөштүн үйүнө жакын ээрчитип келип, аны обочороок калтырып коюп, өзү Көбөштүн ак ордосунун капшытына келип тыңшап тура калат. Арак ичип күжүлдөшүп олтурган чоролордон чыныңарды айткылачы деп сурап жаткан Көбөштүн көөсөрлүк сөзүн тыңшайт.
Байыркы Манас барында
Балкып турган чагында,
Тулпар минип жоо сайдың,
Туу көтөрүп эр сайдың,
Жортуул барып мал алдың,
Жоодон талап бул алдың.
Жыл маалына тентидиң,
Жамалбады жетигиң.
Анда жыргал бар беле?
Ордого чоро чогулткан,
Конок кылып олтурткан
Канда жыргал бар беле?
Атың семиз өзүң тынч,
Айта турган сөзүң тынч.
Жайыт малың өрүштө,
Жаш-карысы өзүнчө.
Жайыттын малы короодо,
Жаш карысы бөлүнүп
Шерине менен жородо.
Өөдөсүнгөн киши жок
Өзүнчө бийлик чородо.
Эмки кандай жыргал бар
Байыркы менен эмкиден
Баркын туура сынаңар (Актан Тыныбековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 990инв., 297 — 298-б.),

— деп кан болуп алган Көбөш сураганда көөкөрлөп арак ичип олтурган чоролор:
Эми бизде жыргал көп,
Эркинче басып жүрмөй көп.
Нойгутка алман беребиз,
Андан башка чыр да жок.
Чубакты чоро кылам деп
Жоо сайдырып алам деп,
Бээжинге казат салам деп,
Берендин баарын кырдырды.
Чубакты анда өлтүрүп
Нойгутка бизди чыр кылды.
Чубактын куну түгөнбөй
Жылына алман жыйдырды.
Сайкал бизди коркутуп,
Сандаган малды жыйдырды.
Аргын менен Ногойго
Акимдик кылып кыз Сайкал
Азыраак бизди сындырды.
Андан башка чоңдукту
Абыке, Көбөш каныбыз
Адамдан бизге ким кылды (Актан Тыныбековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 990-инв., 299-б.)

дешет. Кызып калган Ырамандын Ырчыуулу карагай комузду карсылдата чалып, айкөл Манас барында ачыгып келген чорону тойгузганын, жалгыз келген чорону үй-бүлөлүү кылганын, Алмамбеттин Манаска келгенин, Манас да Абыке, Көбөштү урушта калкалаганын айтып ырдайт. Манаска Кайыптын кызы Сайкал о дүйнөлүк болуп антташып, Тайбуурулду бергенин, Сайкал азыр Семетейдин келээрин күтүп жүргөнүн, ачуусу келсе Тайбуурулду азыр эле тартып аларын айтат. Ырчыуулга жинденип Көбөш эшикке чыгат. Анан капшытта сөз тыңшап турган Бакайды көрүп, бакан менен башка чаап кеткенин Абыке байкап калат. Ал жыгылып кеткен Бакайды тургузат. «Мен тартуумун» — дейт Абыке Бакайга. Бакай Семетейдин келгенин сүйүнчүлөйт. Абыке сүйүнүп, Бакайга: «башыңын айрылганын көрсөтпө, жаңы келген Семетей капа болот»— дейт. Семетейдин келгенине кубанган Ырчыуул аны менен кучакташып көрүшөт. Абыке да Семетей менен ыйлап көрүшөт. Семетей менен Көбөштүн үйүнө барып атасы Манастан калган курал-жарактарды, Аколпокту күч менен тартып алат. Бакай Семетейди ээрчитип алып чоң атасы Жакыптыкына жөнөйт. Үйүнө жакындаганда, Семетейди кабакка калтырып, өзү Жакыптын үйүнө келип: «Сүйүнчү Жакып, балаң Семетей келди, сизге учурашамын деди» — дейт. Жакып «баламды алып келип учураштыр» — дейт. Бакай Жакыптын үйүнөн чыгары менен акырын тыңшап тура калса, Жакып «Ой Бакдөөлөт, канкордун уулу келиптир, ал менин балдарымды соо койбойт, аракка уу чыла, ичирип өлтүрөйүн» деп буйрук кылат. Бакдөөлөт: «оңбогон какбаш оңбойсуң, арстандан калган жалгызга кантип уу беремин» — дейт. Жакып күчтөп Бакдөөлөткө уу чылатат. Семетейге учурашамын деп келгенде калп эле «айланайын кулунум келдиңби» демиш болот. Чала-була бетинен өбүмүш болуп, «суусап келген балама суусун куй кемпир» — дейт. Семетей уу кошулган аракты:
Айланайын атаке,
Ак сакалың турганда
Адепсиз ишке түшпөймүн.
Арак болсун, бал болсун
Атамдан мурда ичпеймин (Актан Тыныбековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 990-инв., 376-б.),

— деп чоң атасы Жакыпка сунат. «Кайран Манас өлгөндө капалыктан аракты каргыш кылып оозума, такыр ичпей калгамын» — дейт. Семетей каарданып Жакыпты сакалынан алганда арак чайпалып кетип, чачырандысы тийгенде сакалы жыдып түшүп калат. Семетей аракты ит аякка куйганда көк дөбөт жыттап эле өлөт. А-дын «Семетей» эпосунан айткан эпизоддор Семетей агалары Абыке, Көбөш, чоң атасы Жакыптан атасы Манастын курал-жабдыгын күч менен тартып алып, Тайбуурулду минип, абасы Бакайга үч айдан кечикпей кайра келерин айтып, Букарга кетиши менен аяктайт. А. Тыныбек уулу «Манас» эпосунун айрым үзүндүлөрүн гана эмес, кыргыздын баатырдык кенже эпосу «Эр Табылдыны» толук айткан. А-дын «Эр Табылдысы» колдогу варианттардын ичинен толугу жана идеялык мазмуну, көркөмдүгү жагынан көрүнүктүүсү.
С. Алиев

актан-

 
актан-, актанба-, актанган

актан

 
этиш. Өзүн өзү күнөөсүзмүн деп көрсөтүүгө аракеттенүү. Актанып сүйлөө.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоак
Множ. числоактар
Синонимы
таза
там
жыл
Антонимы
кара
Склонение по падежам - "ак"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?ак
Родительный Чей?актын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?акка
Винительный Кого?, Что?акты
Местный Где?, У кого?акта
Исходный Где?, У кого?актан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?актар
Родительный Чьи?актардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?актарга
Винительный Кого?, Что?актарды
Местный Где?, У кого?актарда
Исходный Откуда?, От кого?актардан

Найти все переводы слова "АКТАН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АКТАН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru