Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АККУЛАНЫН МАМЫСЫ
 

АККУЛАНЫН МАМЫСЫ

 
АККУЛАНЫН МАМЫСЫ — Соң-Көлдүн тескейинде «Жылдыз-Көл» аталган майда көлдөрдүн батыш тарабындагы мамы таш. Ал жерде, ошондой эле таш тулгалар да бар. А. м-сы алардан 500—600 лдей обочороок жерде, көлгө жакын жатат. А. мамысынын өңү чаар, көгүш тартып, төрт кырдуу. Жерден 1,45 мдей чыгып, саал батышка жантайып турат. Жер астындагы бөлүгү канча экендиги белгисиз. Ал аймакта дегеле мындай таштар жок, жайык келген көк шиберлүү жер, тоо алыс. Атайын алып келип коюлган эстелик таш болуу керек. Уламыш боюнча Манас кырк чоросу менен Соң-Көлгө келип, Аккуланы мамыга байлап өздөрү ал жерге эс алып жатып, тамак бышырып, түнөп кеткен дешет.
Талас шаарынын саябан багындагы Аккуланын мамысы.
Талас шаарынын саябан багындагы Аккуланын мамысы.
Тамак бышырып жеген таш тулгалар да ушул мезгилге чейин сакталып калган. АККУЛАНЫН ЧИДЕРИ — Тянь-Шань районун дагы Куланак кыштагынын батыш тарабында, кан жолдун боюнда өсүп турган үч түп байтерек бар. Болжол менен 150—200 жылдан ашык мезгилден бери турат. Бул теректер алыстан караганда ат тушаган чидер түспөлдөшүп тургандыктан эл оозунда А. ч. аталып калган. Азыр ал байтеректердин экөө калып, бирөөнүн качан, кандайча кыйылып ташталгандыгы же куурап жок болгондугу белгисиз.


Найти все переводы слова "АККУЛАНЫН МАМЫСЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АККУЛАНЫН МАМЫСЫ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru