АКЖОЛТОЙ |
Адык кандын Акжолтой Атышкан жоого сан колдой, Келип конду Таласка Чоро болду Манаска (Саякбай Каралаев, 1. 195), — деп сүрөттөлүп, Манаска эң алгачкылардан болуп кошулган чоролордон. « Аркан үзөр Акжолтой» делип анын күчтүүлүгү атайы белгиленип айтылат. Чоң казатта ок жаңылып өлгөн чоронун бири (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 922-инв., 548-б.). |
АКЖОЛТОЙ |
Артык досум Акжолтой, Караан кылган Акжолтой Мени ээрчитип жүрүп эр кылган, Эбегейсиз шер кылган. Сайып жүрүп бак кылган, Бет алганды мерт кылган, Беттешкен жерге кан кылган. Билбегенди билгизген Манастан калган мураапым, Туйгундан калган кыраакым, Чачылганым жыйнаарым, Үзүлгөнүм улаарым, Казат кылсам душманга Туу түбүндө тураарым (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 244). Жер кезип жүргөн А. Олуя чалга жолугуп, андан ал Сейтек экөөнө арнап алып келген аттарды (Сейтекке Кулансурду, өзүнө Кулунсурду) алат. Олуя чалдан Акберметтин дайынын угуп, анын Олуя чалга таштап кеткен аманатын — көөхар шакегин Сейтекке алып келип берет. Сейтек Акберметке үйлөнгөндө А. тагдырына буюрган пери кыз Күлайымга үйлөнөт. Жолборстун жүрөгүнө талгак болгон Акберметке Кыдыр берген кол башындай жаңгакты алып келип берет. Чоң Билгич менен согушка А. Сейтек экөө барат. Амалданып качкан Билгичти кууп бараткан Сейтекти токтотуп, аман алып калат. Жөн билгичтиги, акылмандыгы. менен Кененге каршы кол курап келген Эбегей, Көгөйгө «түбүбүз бирге тууганбыз» элди бүлүнтүп, касташпай, биригип, сырттан келчү жоого каршы туралы деген жүйөлүү сөзү менен Кулунсурду тартуу тартат. Эбегей, Көгөй эчаккы кастыкты унутуп, Кенен менен эл болот. А. менен Сейтек эпосто аты уйкаш делип сүрөттөлүп, окшош сур ат минип жүрөт. Сейтек экөө бир күндө, бир мезгилде дүйнөдөн кайтышат. Эпикалык акылман карыялардын салттык образынын «Сейтектеги» көрүнүшү, активдүү ролу А-дун образы аркылуу берилген. С. Төлөгөнова |
АКЖОЛТОЙ |
|
АКЖОЛТОЙ |
|
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | акжолтой |
Множ. число | акжолтойлор |
Склонение по падежам - "акжолтой"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | акжолтой |
Родительный Чей? | акжолтойдун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | акжолтойго |
Винительный Кого?, Что? | акжолтойду |
Местный Где?, У кого? | акжолтойдо |
Исходный Где?, У кого? | акжолтойдон |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | акжолтойлор |
Родительный Чьи? | акжолтойлордун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | акжолтойлорго |
Винительный Кого?, Что? | акжолтойлорду |
Местный Где?, У кого? | акжолтойлордо |
Исходный Откуда?, От кого? | акжолтойлордон |
Найти все переводы слова "АКЖОЛТОЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "АКЖОЛТОЙ"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
АКЖОЛТОЙ