Меню
Эл-Сөздүк

АЙГЫМ

АЙГЫМ — этноним, Кырк чоронун бири Калдар А. уруусунан болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 427). АЙДАР — эпизоддук каарман. Бардык варианттарда айтылып, бирдей же окшош түрдө мүнөздөлөт. Негизинен «Көкөтөйдүн ашында» катышып:
Ар жумушка дилгирген,
Алтымыш бурку тил билген,
Ары тилмеч, ары акын
Ар жакшыга көп жакын.
Ыраакы, жакын иш кылсак
Ыкчылдыгы бар эле (Сагымбай Орозбаков, 3. 86),

деп сүрөттөлөт. Мааникерди минип ошол кездеги кыргыздарга белгилүү болгон бүткүл жерди кыдырып, ашка элди чакырып, эң жооптуу милдет аткарат. Ашта Ырчыуул менен бирге жарчы болот.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: