Меню
Эл-Сөздүк

АЗАР-ТҮМӨН

АЗАР-ТҮМӨН (иранча хазар — миң; түрк-моңголчо түмөн — он миң) — эпосто көптүктү (аскер, эл, мал жана башкалар) туюндуруучу сан эсебинде эсепсиз, сансыз деген мааниде көп колдонулат. Мисалы, «Аз гана эмес мол менен, Азар - түмөн кол менен, Баштап келип калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 38). Алтын-күмүш зар калды, Аңдабай күттүм жалганды, Айры менен нар калды, Азар - түмөн мал калды (Сагымбай Орозбаков, 3. 27).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: