Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: РИБУША мыйзамсыздык аквариум
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АЖЫРАШ АЯК
 

АЖЫРАШ АЯК

 
АЖЫРАШ АЯК — көптөн бери жашаган жеринен башка жакка кетер алдында туугандарын, коңшуларын, жолдош-жоролорун чакырып, меймандап коштошуу салты. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөрдө А. а. берилгендиги айтылат:
Сойдурган экен шол күнү
Сегиз жүз кой, сексен бээ,
Жай олтуруп тамак жеп...
Ажыраш аяк деген сөз
Атпай журттун мойнуна
Куржун сындуу илинди (Сагымбай Орозбаков, 2. 156).

Ошондой эле Байжигит Алтайга кайра көчөм деп элден уруксат сурап, А. а. бергендиги айтылат. АЗА — өлгөнгө кайгырып, күйүт тартуу салты. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас өлгөндө «Калайык ыйлап, кан ыйлап, Кошой, Төштүк дагы ыйлап, Ажыбай, Бакай кары ыйлап, Кан Манастын кырк чоро Найза сайып бакырып» А. күтүшөт. А. күтүүдө аялдар чачын жазып, бетин тытат, башына кара салынып, кошок кошот:
Ошондо кайран катын Каныкей
Кандуу бети жыртылуу,
Кара чачы жайылуу,
Калдайган кара башында (Саякбай Каралаев, 2. 249),

же «Ошо кезде кыз Сайкал, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу» (Саякбай Каралаев, 2. 253). Эпосто А. күтүүгө табийгат, жан-жаныбарлар кошо катышат: «алты күнү ай чыкпай, ай караңгы түн болот», «кайың ыйлап, тал ыйлап», жер силкинет, таш ыйлайт. Желмаян капшытка чөгүп, көз жашын төгөт. Кумайык Манастын аягына жатып алып асманга карап оозун ачып, адамдан бетер ыйлайт. Акшумкар тескери учат, Тайбуурул оттобой башын жерге салат. Эпостогу А. күтүүнүн мынчалык эмоциялуулугу, курч жана көркөм сүрөттөлүшү эл өзүнүн ишенген баатырынан, сырткары душмандардан коргоочусунан айрылышы, мындан артык жоготуунун жоктугу жана алардын башына кайрадан оор күн түшөрүн билдирип тургандыгы менен байланыштуу. А. күтүү эпостун башка каармандары өлгөндө да сүрөттөлөт. Мисалы, Алмамбет өлгөндө аты Сарала:
Айбандан эстүү жарыктык,
Башын жерге салыптыр,
Кындырдай жарап жарыктык,
Аза күтүп калыптыр (Саякбай Каралаев, 2. 220).

Семетей кайып болгондо да Кумайык улуп, Акшумкар токтобой, «саңоор жүнүн тыткылап, канатын күүлөп», «мүрүсүн жерге каккылап, канатын жерге чапкылап» А. күткөндүгү айтылат.
С. Алиев


Найти все переводы слова "АЖЫРАШ АЯК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АЖЫРАШ АЯК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru