Меню
Эл-Сөздүк

АДЫЛБЕК

АДЫЛБЕК — эпизоддук кейипкер, Жакыптын тең өскөн курбусу, айылдагы кадырлуу, аксакал адам. Кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Магдымдын баласы Чыйырдыга тамак жеткирип барып, Манасты жана башкалар балдарды көргөнүн Жакыпка айтып келет. Кытайлар Манасты издетип жүргөнүнөн корккон Жакып баланын көзүн тазалап койгондо А. арага түшүп, Магдымды Жакыпка алып берет да, чырды басат. А. Манастын төрөлүшүнө, ага ат коюуга катышат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: