Меню
Эл-Сөздүк

АДЫБАЙ

АДЫБАЙ — эпизоддук кейипкер, Манастын аталаш иниси, «алты арамдын» бири. Манас өлгөндө бир туугандарына кошулуп каралуу Каныкейге кордук көрсөтүшкөн. А-дын жеке өзү эмне иш кылганы көрсөтүлбөсө да, бир туугандары менен бирдикте алардын бардык иштерине катышат. Кырк чоро жана Кочкор, Чыйбыт, Көлбай, А. болуп экинчи жолу качканда Семетейдин колунан өлөт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339; 2. 249).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: