Меню
Эл-Сөздүк

АБДЫРАКУНОВ

АБДЫРАКУНОВ Турдубай (1937, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) — фольклорчу, изилдөөчү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. «Кыргыз эл табышмактары» деген темада кандидаттык диссертация (1973) коргогон. 1988-жылдан тартып Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери. «Бабалардан калган сөз» (1980) аттуу кыргыз фольклорунун тарыхы жөнүндөгү макалалар жыйнагынын автору. «Манас» эпосу менен башка элдердин эпикалык чыгармаларынын окшоштук, айырмачылык маселелери, «Манастын» арым өзөк окуяларынын тарыхый чындык менен байланышына арналган макалалары бар. А-дун илимий талдоолору кыргыз элинин тарыхый даректеринин фактыларына, диний-мифологиялык түшүнүктөрдүн реалдуу турмуш менен байланыштуулугуна таянат.
И. Абдувалиев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: