Меню
Эл-Сөздүк

АБДЫЛДАЕВ

АБДЫЛДАЕВ Эсеналы (1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951). 1951—55-ж. Ысык-Көл районунундагы мектептерде физика-математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтундагы «Манас» секторунда кенже жана улук илимий кызматкер, азыр жетектөөчү илимий кызматкер. ««Манас» эпосунун эволюциялык өнүгүшү жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертация (1967) коргогон. «Манас» эпосун үйрөнүү, таануу, изилдөө боюнча ««Манас» эпосунун алтайлыктардын баатырдык поэмалары менен болгон эпикалык катышы» (1966), ««Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары» (1981), «Кыргыз фольклорунун тарыхынан» (1983), ««Манас» эпосунун историзм» (1987), ««Манас» эпосунун эпикалык формулалары» (1991) аттуу монографиялык эмгектери бар. Мындан башка да «Манас» эпосу жана кыргыз фольклористикасы боюнча бир кыйла илимий жана илимий-популярдуу макалаларды жазган. А. манасчы Мамбет Чокмор уулунан 100 басма табак көлөмүндөгү «Манас» бөлүмүн жыйноо жана жазып алууга активдүү катышкан. Москвадан орус тилинде жарык көрүүчү төрт томдуктун төртүнчү томунун (30 басма табак) «Чоң чабуул» эпизодун түзгөн. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Семетей» бөлүмүн басмага даярдоого катышкан (1989). Ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» эпосунун 4-китебинин «Чоң казат» эпизодун даярдаган (1982).
Ж. Төлөев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: