|
күчүк
|
|
I зат.. 1. Иттин жана карышкырдын баласы. Аскар күчүккө сөөмөйүн кезеди (Сыдыкбеков). Грузчиктер бир платформадан жаш күчүктөрдүн кыңшылаган үнүн угушту (Сасыкбаев).
2. өт. сүйл. Баланы эркелетүүдө колдонулуучу сөз. Экөөңөр тең менин күчүгүмсүңөр (Үсөнбаев). Мына бул күчүктүн күлүп турганын карачы (Абдукаримов).
♦ Үй күчүк болуу — үйүнөн чыкпоо, үйүндө эле жүрүү. Мен үй күчүк болуп мында калышым кандай? («Ала-Тоо»). Көкүрөк күчүгү — эң кичүү, кенже баласы. Мына бул ортончум, мына бул көкүрөк күчүгүм — кенжем («Советтик адабият»).
КҮЧҮК II зат. Дарактардын же өсүмдүктөрдүн бүр ачууга жакындаган мезгилиндеги майда-майда бүртүктөрү. Байчечекейлер күчүк атты (Сасыкбаев). Зейпи укалап жаткан талдын күчүгү эле (Абдукаримов).
|