-
БАРГЕК
-
«Баласынын башына, Баргектей үкү тагыптыр» («Манас»). Зер буюму. Кыз-келиндерибиз кыргак сымал чекеге тартып кийүүчү, же олоң чачына тагына турган күмүш жасалга. Мындай нускага зергерлер күбөк, сөйкө, желбирөөчкө узангандай «себет төгүү», «зым тордоо», «сирке төгүү», «зым эшүү» өңдүү ыкмаларды колдоно алышат. Алар бири-бирине аябай үндөшүп турат.
«Алтындан баргек сөйкөнү, Асемдеп сага тагайын», (К. Жантөшов). Мунун экинчи түрү-желбирөөч чөйкө. Маңдайына же чачына тагуучу зер желбирөөч. «Маңдайда бардек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас») деп, тегерек тарткан бул буюмдун формасын чырмакчылар, саймачылар көркөм буюмдарды саюуда, чий чырмоодо көп пайдаланышат. Ал «баргек көчөт» деп аталат.
Найдены по другим направлениям
-
БАРГЕК
-
БАРГЕК — желбирөөч сөйкө. Чыгыш аялдары маңдайына же чачына тагуучу алтын же күмүш желбирөөч: «Маңдайда баргек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас»). Эпосто Б. ыйык, касиеттүү деген мааниде да колдонулат: «Башын баргек талга жөлөгөн, Басташкан душман жүдөгөн» («Манас»). Кээде кооздук, чачы, чок маанилеринде да айтылат: «Баргектен боо мээлейим Колдо калган бир жанмын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 314).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
баргек