|
Процесстик кепилдик
|
|
ПРОЦЕССТИК КЕПИЛДИК – сот ишин ийгиликтүү жүгүзүүнү, анын катышуучуларынын укугу менен кызыкчылыгын коргоону камсыз кылуучу укук каражаттарынын тутуму. П. к. процесстик укук тармагынын негизги бөлүгүнүн бири болуп саналат. Айыпталуучунун укук кепилдиги адам укугу боюнча процесстик мыйзамдарынын жана эларалык пактыларынын ичинен кыйла жеткелең иштелип чыккан, алар: коргоо алуу укугу, жазыксыздык жоромолу, эмне боюнча айыпталып жаткандыгын билүү жана ал боюнча түшүнүк алуу укугу, тергөө иштерине жана сот териштирүүсүнө катышуу укугу, айыптоону четке кагуу укугу, даттануу укугу ж. б.
|